Нурадил Рыспаев: Кузгундар

ПОЭМА Үӊкүр эмес, өз үйү, өргөсү бар, Үйдөй эмес, үӊкүрдөй бөлмөсү бар… Үч залкарды батырат жалгыз бөлмө, Үмүтү бар, жарыкта өлбөсү бар… Табигаттан алакан түрүп сурап… Тар бөлмөдө тажабас үмүт турат! Алты башка алакан арасынан Ай шооласы уурданып кирип турат… Карганын да зар болгон конушунан… Төрт кабаттын аз издүү чокусунан, Элеӊ-элеӊ жалт этет алты карек — Эшик черткен үн чыкса кокусунан. Чочуганы кабакты түйө карап, Кубанганы күнгө окшоп күлө карап… Күн бата элек экенин баамдаганда Күлмүӊдөшүп алты көз күйө калат. […]

Нурадил Рыспаев: Темир боз үй

ПОЭМА “Белеспетин” тепчү эле кыбыратып, Бетегенилүү шиберди шыгыратып. Белди көздөй тепкенге күчү келбей, Белден ылдый кетчү эле зымыратып. Эриккенде далысын кашып алып, “Ээрге” бекем жамбашын басып алып. Кетчү сызып… сырайтып эки бутун, Белеспеттин “рулуна” асып алып. Өңгүл-дөӊгүл ылгабай кете берип, Өөн коктунун сайынан өтө келип… Өзү токтоп калганча белеспети, Бөксө тоонун түзүнө жете келип. Марасына жеткенсип артты карап, Маашырланып бөксө, тоо, чатты карап… Апаа, апаа деп анан кыйкырчу эле, Апасы бар алачык жакты карап. Түртүп арттан белеспет тептиргенче, Же жонуна […]