Нуралы Капаров: Байлык

Бул байлык бир билекке айланган күчтөн чыккан, бул байлык менден эмес, бизден чыккан. Бул байлык буудай болуп элден чыккан, жемиш болуп жерден чыккан. Бургулап тоону тешип, былк этпес зоону тешип, кырк жылы жууса кеткис терден чыккан. Жолубуз жарык дешип, кана бол, салык дешип күчтөгөндө, орто турмуш ойлонбой көмүр сатып, жакыр турмуш жарыбас чөбүн сатып, жеп жаткан токочунун теңин сатып, наабайчылар нанын сатып, караманча каржалгандар кара жанда айланган канын сатып, буйдала түшкөндөрү буркурап тамын сатып… Салпылдап күнү-түнү салык дешип, кой сатып […]

Нуралы Капаровдун соңку жазган ырларынан

СЫЙЛЫК Турар, Жолон, Мидиндей акындарды Эл акыны дебеске акың барбы? Кана, кимиң качырбай такымдадың? Кана, кимиң тизгиндеп жакындадың? Калың кыргыз сүйгөндөй кучак жайып деги алардай сыймыктуу атың барбы? Эптей албай эки сап элдикпиз дейт элдик эмес “Кыргыз эл акындары”! ТАЛАНТ Кудай сага тонналап талант берген, капталыңа калдайган канат берген. Майда турмуш козгой албай талантыңды, жеңил турмуш желпий албай канатыңды, турасың кара жердин кучагында. Калдактап учаарыңа кара бакты каңтарган шамал жетпей, ай-ааламды аңтарган добул жетпей, албуут кыял алкынган деңиз жетпей, күкүктөгөн […]

Нуралы Капаров: Жарылган ТЭЦти коштоп, Ош базар кошо өрттөнүп…

КҮНДӨЛҮКТӨН (2018-жыл. Январь. Февраль. Март) Түнүндө ТЭЦ жарылып, төрт күндүк суугуңа чыдай албай тарсылдап тез жарылып, такаат таппай тарса-турс токтоналбай жымшык көз кытайларың курган ТЭЦке жабалактап чуркаган кыргыздарым жалындатып жыргатаар от жагалбай, кыш чилдеде беймарал жатчу Бишкек калган кези калың кардын астында козголалбай. Кара-Кече үлпүлдөп көмүр күйбөй, кара жыгач тамызгы кеч жарылып, казактын радиация көмүрүнөн кара боор калың темир меш жарылып, Бишкектин коюу түтүн абасында тумчуккан бишкектиктер түнөк таппай турган кез тарсылдактын арасында. II Якут менен чукчанын тогуз ай көргөн […]

Нуралы Капаров: Турду уста жөнүндө ыр

Тоголонду Турду чал күзгө жетпей, токсон тогуз кар малтап жүзгө жетпей, төрт жыл болду үйүнөн чыкпай калган тоого жетпей томсоргон түзгө жетпей. Калакайлап кара алтын көмүр күйүп, көөрүк баскан көмүргө темир күйүп, туягына тулпардын така жасап, көмүр менен түтөгөн өмүр күйүп… Көч улаган өмүрдүн баш жагында, көрбөгөнү көр болду жаш чагында, күчүн берди Кеминдин таштарына, күчүн берди Чүйүмдүн баткагына. Кандай жумуш кез келсе карабады, кара жумуш, ак жумуш, агалабы, башкарманын айтканын жок дедирбей барчын куштай күнү-түн сабалады. Топу кийген тоолордун […]

Нуралы КАПАРОВ: «Супарадан» шоколад!

Бал кошушуп сары майга, жүрөктөргө дары майга, таттуу кошуп, талкан кошуп жасашыптыр жарым айда. Мартка жакын кыш арада мейман болуп “Супарада” Шакем менен шоколад жеп, “шорочулар” азамат деп, “Супаранын” шоколадын жеген адам жашарат деп, “Кел досторум!” – дегиң келет, жеген сайын жегиң келет, бирди дейсиң, бирди жейсиң, бирден алып бирге тойбой бир отурсаң миңди жейсиң, жеген сайын жегиң келип, дагы бирди дегиң келип, таңдайыңа татып турат, табитиңди ачып турат! Шоколад жеп шаттанаарым, мейманыма мактанаарым, өзүбүздүн шоколад деп, өзүбүздө жасалат деп, […]

Нуралы КАПАРОВ: Көкүмбайдын кетмени

  Ак эмгектен агарып-көгөргөн, акылы терең, пейили кенен Тойчубай уулу Апин аттуу агабыз Чоң—Кемин өрөөнүнүн Калмак—Ашуу айылынын аягына эчен жыл элибизди багып келаткан кадимки кара кетменге ээн талаанын этегине, кара жолдун боюна чо-о-оң эстелик тургузуптур. Атайын ат арытып барып: “Кайран гана калдайган кара кетменим!” – деп жоон карагайга сапталган жонунан сыладым, маани катып маңкайган маңдайынан сыладым. Өткөндү эстедим, кеткенди эстедим. Өмүр бою сугат сугарып эл баккан, журт баккан Көкүмбайды эстедим. Асмандатып чапканда ай нуруна чагылган, көкөлөтүп чапканда күн нуруна чагылган […]

Олжобай ШАКИР: Учур адабиятынын балбыл жанган жылдызы

(1-макала) Кезинде Сүйүнбай Эралиев, Рамис Рыскулов, Омор Султанов баш болгон айтылуу акындардын чыгармачыл ооматы бийиктеп, 60-жылдардан кийинки кыргыз адабиятынын алдыңкы сабындагы эң бараандуу акындардын поэтикалык жаңы табылгалары адабий адистердин изилдөөсүнө бүгүнкү күнгө дейре чоң объект болуп бергендей эле учур адабиятыбыздын көңүл чордонуна айлантар ысымдар жок эмес. Тек, өлкөбүз табынсыз өз эгемендигине ээ болду дегенибиз менен соңку кыргыз адабиятынын туу чокусу дээр объектиге токтолгон адабий сынчылар чыкпаганы кейиштүү. Адабиятчыларыбыз жок эмес, бар. Бирок көбү оозеки адиске айланып алышкан. Адабий тар чөйрөдө […]

Нуралы КАПАРОВ: Өмүр дарагы жөнүндө ода

Чокмордой чоң муштумун шилтегенде «чарт!» этип дарак сынган, тытышкан тармал чачын тараганда «тарс!» этип тарак сынган, олбурлуу жигит эле он кадамды бир аттаган, боорукер жигит эле болоор ишке тим жатпаган.   Чындык үчүн чындап күйүп чырлашса, чыгаан уулуң Чынгыс ханың тең келбеген, калпыңды калдактатып калмактай кууп, калкагар чындыгыңды кара шумкар бүркүттөй чеңгелдеген.   Жашады жаштык отун жалындатып, эшейтип эшек минди, алкынтып айгыр минди, айырплан минди анан дарылдатып.   Сүйдү анан сулуулардын нечендерин бооруна бек кучактап өпкүлөдү көз күйгүзөөр сулуунун гөзөлдөрүн. […]

Жигитов менен Абдуразаков тууралуу Нуралы Капаровдун эскерүүсү

«Кандай гана полемика, талаш-тартыш маселе болбосун Салижан Жигитовдун оппонентинен жеңилгенин көргөнүм жок. Билимдүү, чечен, чынчыл Салижан агадан көптөр жалтайлап качып турчу. «Кың» десе баса калмай кыраандыгы бар эле. Ошол мен билимдүү, чечен, чынчыл, кыраан деп жүргөн Салижан Жигитов агабыз дагы бир билимдүү, чынчыл, чечен, кыраан агабыз Ишенбай Абдуразаковдон эки-үч ирет аягына чейин «кармаша албай», жалтайлай түшкөнүнө күбө болгом. Жалтайлагыдай деле маселе эмес эле, кызыл-чеке түшүп аягына чейин талашса, балким, өзүнүн чындыгын далилдеп коет беле, бирок Салижан аке сөздү ырбатпай дароо […]

Нуралы КАПАРОВ: Жигитовдун октой таамай сөздөрүнөн

Салижан аке илим изилдеп, чыгарма жазып, адабият майданында эле кайнай бербестен, коомдук турмуштун башка катмарларына да активдүү аралашкан. Кандай маанилүү мамлекеттик маселелер болбосун байкаган, түшүнгөн кишиге жигитовдук кайталангыс үнү менен өз позициясын айтып турган. Айрыкча улуттун өзөктү өрттөгөн көйгөйлөрүн жаны кашая чырылдап, күйгүзүп да, күлдүрүп да айткан, кыргыз өнсө, өссө дегенде жанын сабаган, жалбырттаган патриот инсан эле. Биз улуу устаттын республикалык басма сөздө жарыяланган макала-маектеринен безге сайгандай, дилге какшып, чөлдөп жаткан жерге жаан себелеп өткөндөй ырахат ойготкон, чучукка жеткидей өткүр, […]