Кыргыз эл жомогу: Булардын кайсынысы чоң? (Балдар үчүн баш катырма)

Алабаш деген чалдын жалгыз карала өгүзү болуптур. Өгүздү дайыма өзү бакчу экен. Күндөрдүн биринде Алабаш узак жолго камынып, улуу баласына: — Сен өгүзгө убактысы менен жем-чөп бергин,- дейт да кичүү баласына болсо: — а сен убактысы менен жетелеп барып сугарып тургун,- деп өзү жүрүп кетет. Алабаштын улуу баласы өгүздүн оозун тындырбай чөп берип турду. Арадан бир жума өттү. Сегизинчи күнү өгүз такыр чөп жебей калды. — Буга эмне болду? Ылаңдап калдыбы? Сен бирдеме билчү белең?- деп сурады агасы инисинен. — […]

Мухтар Шаханов Кожогелди Култегиндин котормосунда

МУРУН “Адам болуу оңойбу толук кандуу, Алып таасир алптардан – калыптан бу,” – деп башкырдын акыны Мустай Карим Мени Расул Гамзатка алып барды. Тоолуктардын тоого тең деми бар да, Толкуп-ташып коштошкон эрип анда. Үч жылдан соң космонавт Севестянов Тааныштырды акынга мени кайра. Расул айтты: «Жаш талант сурап-нетсе – Баасын айтыш эң кыйын! Кубат жетсе… Иним, сенин ырыңды окубапмын, Бирок, музоо мурунуң турат эсте. Өзгөчөгө ойчулдар күлөбү дейм, Өзгөчөлүк – табигат тиреги бейм. Өнөрдө да эч кимге чаташтырбас Өз мурдуңдун болушун […]

Өзүнүн ким экенин көп аялдын изине түшкөн эркектер билет

Владислав ГЖЕЩИК (1935), поляк сатириги Эң коркунучтуу балээ – адамзат тагдыры адам баласынын колунда. * * * Өзүнүн ким экенин көп аялдын изине түшкөн эркектер билет. * * * Ух, узун сөздүүлөр көп, аз сөздүүлөр аз! Владислав ГЖЕГОРЧИК (?), поляк афористи Баардык нерсенин арты – күүгүм. Бир гана түндүн арты жарык. * * * Тагдыр бизди өмүрдүн жарымына чейин сүйрөп келип, жарымынан соң аркабыздан түртөт. * * * Даанышмандардын чектөөсүнө чектелген даанышмандар да болот. * * * Чынжырланган дөбөт гана […]