Айтматовдун Азамат Алтай менен Нью-Йоркто таанышканы

Азамат Алтайдын Чыке менен Нью-Йоркто таанышып, үйүнө алып барып коноктоп, анын кыргыздын эң чыгаан уулу экенине ыраазы болгону. Совет доорунда “чыккынчы”, “антисоветчи” деген ат менен канча бир муунга жалаңкыч көрсөтүлүп, расмий идеологияда өңчөй каралоо, айыптоо менен гана айтылып жана жазылып келген – согушта туткунга түшүп, анан кийин Батыш Германияда “Азаттык” радиосунун кыргыз бөлүмүн негиздеп, Американын Нью-Йорк шаарынын китепканасында 7 жыл, Колумбия университетинде 15 жыл илимий-изилдөөчүлүк иштерде иштеп, 1979-1989-жылдары кайра Мюнхендеги “Азаттык” радиосунун кыргыз бөлүмүн башкарган Азамат Алтай – Кудайберген Кожомберди […]