Олжобай ШАКИР: Эки жүздүү саясаттын карааны

АШАны жек көрүп келген эл сезимин туйган Сооронбай Жээнбеков саясый чоң упай топтоонун жолун табарын тапты. Ажыдаардын куйругун тезинен кесүү керектигин курчоосундагы акыл кошчуларынын нускоосу менен түшүндүбү же муну ажонун акылы өзүнөн өзү илгиртпей илип кеттиби, айтор, Атамбаевдин таасиринен эрте бошонмоюн жаңы бийликке элдин жек көрүү сезими кыска мөөнөт ичинде дүрт деп кайра жанып кетиши мүмкүн экендигин тымызын алдын алышты көрүнөт. Бир жагынан буга Атамбаевдин мамлекеттик резиденциядагы өзүм билем кыял-жоругу, эрке-талтаң жүрүм-турумдары да Сооронбай Шариповичтин сабырын түгөтүп, өз алдынча саясат […]