Олжобай Шакир: Кээде өлүп алгым келет…

Ооба, өлүп алгым келет, замандаш! Бул ой эмне үчүн келет мага? Айлана-чөйрөмдү карайм, коомдун түрүнө карайм да – мен көрүп чыдай албаган көрүнүштөргө жийиркенем. Кускум келет. Баарына көзүмдү жумуп таштайын дейм, бирок жума албайт экемин. Тилимди кычыштырган, нервимди бүлкүлдөткөн, жүрөгүмдү канаткан коомдогу көрүнүштөр кадам сайын кезигет. Күнүгө… күнүгө! Ал эмес саат сайын… мүнөт сайын! Ооба, ар мүнөт сайын! Каягына карабайын – жүзү курусун баарынын… Телени тиктесем да, радиону тыңшасам да, интернетке баш баксам да – нервимди чыңаган, жүрөгүмдү сыйрыган окуялар… […]