Олжобай Шакир: Коомдогу рухий майыпчылык

“Күлүктү күнүндө, тулпарды тушунда” сүрөө керектигин байтактуу бабаларыбыз, көөнө көсөмдөрүбүз эбак айтып кеткени. Керээттүү кеби бар элдин келечеги байсал болор. А бизчи? Биздин сүрөгөнүбүз бүгүн кайсы күлүк, кайсы тулпар? Шайлоолордо саясий шылуундарга, рухий жакырчылыкта тотукуш таксырларга сүрөөнчү болуп алганыбызбы?! Кубаттаганыбыз ошолор. Кошоматыбыз да ошолорго. Караламан калк көңүлү ошолорго ток. Жапырт кол чаап капкайдагы ырчы-чоорчуларды көктөгү жылдызга теңейбиз да, куну балант чыныгы искусство каармандары жараткан көркөм туюм, көркөм образдардын баркын баалап, даңкын даңазалоого жок эл экенбиз. Дегеле базары кайнаган өнөрпоздор кимдер […]