Жулунган журналисттердин озуйпасы

«Журналистика – чоң күч. Анын күчү дамбаны бузган суудай баарын ойрондойт. Ээн баш журналисттин калеми да бүлдүргөндөн башкага жарабайт«. Махатма ГАНДИ Улуу саясый ишмер, улуу ойчул Махатма Гандинин бул айтканына кыргыз бийлиги да, кыргыз журналистикасы да көңүл бөлбөй келет. Чын-чынында коом, дегеле жалпы дүйнөлүк саясат – журналистиканын эбегейсиз зарылчылыгы менен жүргүзүлөрүн терең аңдасак кана! Эпиграфтагы накыл кептин биринчи бөлүгүндө, албетте, күчтүү журналистика дамбаны бузган суудай зор таасирге ээ болгондуктан, дүйнөдө болуп жаткан ийгиликтердин эч бирин маалыматтык жеңиштин ролусуз элестетүү мүмкүн […]

Олжобай ШАКИР: Дамбалчандарды даңазалаган саясат жүрүүдө

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мечиттердин саны мектептерден көп болгонун жакшы көрүнүш катары сыпаттаганы – журт башынын ой жүгүртүү деңгээлин дадил жылаңачтады. Агер президенттин турмушта тутунган философиясы ушул болсо, сыягы, Кыргызстанды жакынкы жылдарда прогресс эмес, регресс күтүп турат. Президенттин айтканын ким кандай кабыл алды, билбейм, жеке мен, С.Жээнбековдун бул айтканын – мектептердин ролун төмөндөтүп, билимдин кутуна шек келтирип, а мугалимдердин абыроюн чала молдолордун алдында басынткандай кабыл алдым! Ансыз да өлкөнүн эгемендик жылдарында мугалимдердин беделине доо кетип, кадыры кемип, эмгеги бааланбай калган […]

Олжобай ШАКИР: Акбар Кубанычбековдун ырларындагы оркойгон кемчиликтер

Макаладагы Акбар Кубанычбековдун ырларынын тегерегиндеги сөз бир гана А.Кубанычбековдун өзүнө тийешелүү эмес, бүгүн аны менен үзөңгүлөш келаткан жалпы эле ыр ышкыбооздорунун дээрлик көпчүлүгүнө мүнөздүү мүчүлүштүк экенин окурман журтуна башынан эскерте кеткенибиз ийги. Адегенде Акбардын төмөндөгү ырлары кантип сынга кабылып калганы туурасында учкай кеп кыстара кетели. Адатта, жаш калемгерлер менен карпа-күрп кезигишкен жерден алардын ыр же аңгемелерин дароо эле «РухЭш» сайтынын дарегине жөнөтүүнү кулак кагыш кылып келем. Арийне, өзүңөрдүн эң мыкты делген чыгармаларыңарды жөнөткүлө дейм. А.Кубанычбеков менен да бир аз күнчө […]

Олжобай ШАКИР: Төрт сапка сыйган өмүр

«Гений качан болбосун өзүнө көңүл бурдура берет«. Клод Адриан ГЕЛЬВЕЦИЙ 34 жашында автокырсыктан өмүрү кыйылган Жоомарт Бөкөнбаевдин көөдөндү көсөп өткөн береги төрт сап ырына көңүл төшөдүңүз бекен, окурман! Абай Кунанбаевге арналган төрт сапка не деген чулу ойду жашырганын чогуу карасак дейм? Абайга Сар арканы турак кылып, Шамал менен көчүпсүң. Кун жетпеген чечен булбул, Кумда сайрап өтүпсүң. Улуу ойчул Абайдын байлоосу жок шамал менен кумда сайрап өткөн өмүрүн; кургур Абайдын кун жетпеген чечен булбул экенин; шаалуу акын Абайдын шамал менен көчкөн тагдырын […]

Олжобай ШАКИР: Тамырымды зыркыраткан Жерге-Тал (1-макала)

Өткөн жылдын этегинде «Унутта калган өрөөндүн муңун» жаздык эле. Андагысы Ак-Шыйракка болгон сапарыбыз болучу. Бул мерте Жерге-Талга аттандык. Жерге-Тал сапарыбызды деле «Унутта калган өрөөндүн муңу» десек куп жарашмак, бирок «Тамырымды зыркыраткан Жерге-Тал» деп атадым бул сапарыбызды. Экөө тең үндөшүп туру. Сапарыбыздын жөнү ошондой болду, азиз окурман… Негедир уюштуруу иштерибиз башынан шыр кеткени менен арты тоскоолдукка учурады. Ал тоскоолдукка Тажикстандын чегарасы менен бажы тосотунан кабылдык. Кыргызстандан жүктөнүп бараткан 1,5 тоннага чукул китеп-белектерибиз Тажикстандын бажыгерлери үчүн бомба көрүндү белем, аргабызды түгөтүп түшүргүлө […]

Олжобай ШАКИР: Урматтуу Президент, саясый процесстерди ыкчамдатыңыз

«Падышага сыйынган адам падыша үчүн өлүп бергенге да, падышанын түбүнө жеткенге да даяр». Жорж Бернард ШОУ Урматтуу Сооронбай Шарипович, коомдун абийрсиз катмарын АША досуңуз бийлик төрүнө эбак чыгарып койгон. Аны жонтериңизден сезип аткан чыгарсыз. Алар жарганаттан эч айырмасыз экени акыркы саясый окуялардан көрүнүп калды. Адырайып. Уккансызбы, жокпу, индия эл жомогу бар. Качандыр бир кезде канаттуулар менен айбанаттардын ортосунда чоң согуш чыгат. Ошондо жарганат өзүнчө: – Менин айбанат же канаттуу экенимди ушуга дейре эч ким аныктай элек. Бири айбанатсың десе, бири […]

Олжобай ШАКИР: Шарияттын адаштырган жолу (уландысы)

ПОВЕСТЬ <<<<<<<<<<<<<<<Башы Абдыбеги ордунан шып туруп кетип, бир заматта чылапчындын кап ортосунан ылдый жылуу суу куюп кирип келди. – Апа, байпагыңызды чечсеңиз, – Закендин жанына сыңар тизелей отура калды. – Не кылат элең? – бутун тарта калып чочуган Закен күтүүсүздөн таңгалды уулуна. – Сиздин алдыңыздагы айыптарымды, күүнөөлөрүмдү жуушум керек экен? – Ким айтат антип? – Устазыбыз, – Абдыбек апасы өзү эңкейгиче болбоду, Закендин байпагын чечип, буттарын жууй баштады, – эгер билип, билбеген күнөөлөрүм болсо кечириңиз, апа. Бейиш ушул таманыңыздын алдында […]

Олжобай ШАКИР: Опера жана балет искусствосунун жаңы жылдыздары

Эл театрга барган жолду унуткан жылдар болду. Өнөр өстөнү өксүгөн жылдары А.Малдыбаев атындагы опера-балет театрында хордун солисти болуп да, театр администратору болуп да иштеп жүргөн жылдарымда сценадагы эң кейиштүү жагдайларга далай жолу күбө болгон жалын жаштыгыбыз өттү. Азыркы таптагы театр турмушу менен мындан 15-20 жыл мурунку кездин асман-жердей айырмасы кыйла өзгөргөнүнө бул мерте көз сүйүнүп кайттык… Театр репертуарынан түшпөй келген П.Чайковскийдин айтылуу «Аккуу көлү» («Лебединое озеро») балетин көңүл кушун көкөлөтүп көрүп келүүгө атайын бир күн чыгындым. Буга дейре жаш муун, […]

Олжобай ШАКИР: Адилет, акыйкаттын атынан Култаевага таазим!

«Кара кылды как жарган калыстык – эң жакшы сапаттын туу чокусу. Бирок ал тээ качан эле адамдар арасында чанда кезигээр касиетке айланган». Конфуций Ар-намыстуу адам башкалар таптаган жолго түшпөй турганын Сиз көрсөттүңүз, Үмүт эже. Адилет, акыйкатчыл жандар Сизге окшоп солдаттык кызматтан алыс болушат. Адилетсиз бийликтин «а-бу» деген командасын илгиртпей аткаргандар бүгүн солдат эмей не?! Бу кезеңде Кыргыз бийлиги кошоматчы, эки жүздүүлөрдүн калың армиясын түптөп алды. Билинбей. Мамлекеттик сыйургаалдар аларды солдат кылып койду. Бийликтегилердин таянычы караламан калк эмес, бийлик таламын жактаган […]

Олжобай ШАКИР: Шарияттын адаштырган жолу (уландысы)

<<<<<<<<<<Башы – Ата, Абдыбек байкем үйдө бекен? – артта отуруп келаткан Салтанаттын үнү Турсундун кулак түбүнөн жаңырды. – Атаңды жолдон алаксытпа, – Закен Турсундун ордуна жооп кайтарды: – Ооба, үйдөмүн деген үчүн келатпайбызбы, кызым. «Атаңдын гөрү-эй, адам баласы эмнеге тукум күтөт?» – өз суроосуна өзү жооп таппайт Турсун. Ичинен күрсүнөт. Уулу эрезеге жеткен соң, ата-эненин тапкан мураты шулбу? Уулдан убайым көрөр жашоо ыракаты кайсы? Абдыбегин дээринде данек бардай медер тутунчу эле го. Кенедейинен зээндүү көрүнгөнсүгөн баласы минтип мөртү келгенде мөгдөтөрү […]

Олжобай ШАКИР: Шарияттын адаштырган жолу

ПОВЕСТЬ I – Намазыңызды окут бүттүңүзбү? Бүтсөңүз мен азыр… Турсун авам менен жеңем Балыкчыдан эртең чыгабыз дешти. Мен да ишемби, жекшембиде үйдөгү болгон иштерди бүтүрүп салайын. Кышкы сессиянын экзамендерин болсо тапшырып бүттүм, – бул экинчи кабаттан чыккан үн. – Окууну бүтсөң ким болуп чыгам деп атасың ошондо? – бул биринчи кабаттан чыккан үн. – Вокалист, – шаңкылдап угулду үстүдөгүнүн үнү. – Ал эмне болгон кесип?.. Мурда башкача айткандай болдуң эле го? Ырчы болом деп жүрбөйт белең? – жактырбагандай сурады ылдыйдагы. […]