Аман Саспаев: Элге мени “Сарала итим” тааныткан

Таланттуу жазуучу Аман Саспаевдин «Кыргызстан маданияты» гезитинин архивинен табылган бул интервьюсу көркөм чыгармачылык менен алышып жүргөн калемгерлерге чыгармачылык өнөркананын өрнөктүү нускасы болуп береринен шегибиз жок…  — Аман ава, сизди адабий журтчулук аңгеме жанрынын чебери катары баалашат. Кенже жанрдын керемет сырын түшүндүрүп берүүгө мүмкүнбү? — Кыргыздын кеби бар да “аз сөз – саз сөз” деген. Анын сыңарындай эле адам канчалык так, кыска сүйлөсө ошончолук жугумдуу болот. Чыгармада мазмунду колдон келсе бир сүйлөмгө батыруу керек. Кыскалык – чыгарманын күчү, кудурети. Дүйнөлүк корифейлер […]

Эсенбай Нурушев: Апанганын дүйнөсү

“Акындардын арзуусу: эростон эсхатологияга” аттуу адабий-философиялык эсселерден. Индустардын мифологиясында сүйүүнүн бир кудайы Апанга деп аталат экен. Апанга – “эч кандай дене мүчөлөрү жок жан”, азыркыча айтканда, анатомиясыз  тын дегенди билдирет. Сүйүүдө да сырткы форма, турпат-тулку болбойт. Ал формасыз тейде жашайт. Апанганын бир жаасы, беш жебеси болот. Ар бир жебе ар башка гүлдөн жасалат, ошол жебе адамга тийгенде беш түрдүү сезимге салып, керемет сулуулуктун толкунун пайда кылат да, андан бир укмуш беш дүйнө жаралат (Шри Шри Рави Шанкардын лекциясынан; Френсис Готье. […]

Алым ТОКТОМУШЕВ: Каратма сөз

Маркум устатыбыздын колжазмалар архивин аңтарып отуруп, ушул макаласын таап алдым. Машинкага басылган. Эсибизде, айтылуу «Кыргызстан маданияты» гезити каржы жогунан жабылып калып, Алыкебиз бош жүрүп калган учуру болгон. Күндө бир маал китепканадан кезигишер элек. Бирок негедир Алыкебиз кайсы бир мөөнөткө жок болуп кетти. Китепканадан көрүнбөй калды. Анан эле бир күнү «Нуска» деген аталыштагы гезит жарык көрүп калбаспы. Биринчи номуру колго тийгенден тартып эле көңүл чериңди жаза турган материалдар жарыяланыптыр. Китепканага каттабай калган Алыкебиз «Нуска» гезитинин редколлегия мүчөлөрүнүн арасында жүрөт… Мазмуну жактан […]