Лев Толстойдун тарбиялык тамсилдери

Ийнелик жана кумурскалар Күзүндө кумурскалар кышка деп чогулткан буудайларын жайып, кургатып жатышкан. Аңгыча ачка ийнелик келип, алардан бир аз эгин сурады. — Жайында тамак-аш чогултуп албай эмне кылып жүрдүң?— деп сурашты андан кумурскалар. – Жайында күндө ырдап жүрүп колум тийген жок. Анда тигилер күлүп мындай дешти: – Жайлата ырдасаң, эми кышында бийлеп чык. Жумушчу аялдар жана короз Кожойке жумушчу аялдарды дайыма короз чакырганда ойготуп жумушка салчу. Уйкулары канбаган аялдар корозду союп салууну чечишти. Соёрун го союшту, бирок өздөрүнө мурдагыдан да […]