Экс-президент Отунбаеванын эң оор саясый кырдаал жөнүндө маеги

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын бул маегинде 2010-жылдын 7-апрелинде болгон көп жагдайлардын көмүскө жактары ачылат. Мындан сегиз жыл мурунку тарыхый жагдайлардын себептеринен улам Убактылуу өкмөт кандай шартта куралып, кандай жагдай менен бийлик тизгини А.Атамбаевдин колуна тийгендигин экс-президенттин маегинен баамдаңыздар…  — Кечки 19.30 биринчи этаждагы ЖКнын пресс-борборунда Текебаев, Шер, Чотонов, Дүйшөбаев, Мадылбеков, Сариев, Эркебаев, Ибраимовалар болуп жыйналып калдык. Аянтка барып ал жердеги хаотикалык атууларга күбө болдук, жаштар жарадарларды машинелерге салып алып жатышты. Балдар, алардын лидерлери менен бетме-бет сүйлөшүп, элди партиялык жана регионалдык […]