Абийрбек АБЫКАЕВ: Кыш маанай

Жыртылып жылдыз көрүнбөй, Капкара туман асманда. Бурганак согуп, аппак кар Кычырайт бутта басканда. Эптеп жылыйт үй ичи, Картөшкө манту касканда. Күйпөктөп жүрөт байбичем, Төшөгүн салып жатканга. Унутпай уулум камдап кой, Атаңдын тонун жапканга. Капчыкта акча түгөндү, Мал дагы арык сатканга. Өнтөлөп жүрүп түшөбүз, Өлүм шум салган капканга. Эскерээр бекен балдарым, Кызарып күнүм батканда. * * * Жылыткычтар иштеп сайылган, Коюу түтүн чыкпайт айылдан. Калдыркандай тоңгон шейшептер, Жума мурун жуулуп жайылган.   Кайдадыр бир кеткен өмүрдөй, Чана тепкен балдар көрүнбөй. Баштагыдай […]

Ризван ИСМАИЛОВА: Атам

ЭССЕ Атамдын сөөгүн үйдөн чыгарып, мүрзөгө алып жөнөгөндө көкүрөк тушумда илинип-илешпеген, түшүнүксүз бирдеме үзүлүп кеткенсиди… Кармап кала тургансып, эңкейе калдым. Көзүм караңгылап, кулагым эч нерсе укпайт. Жанымбы-оюмбу, туңгуюкта жандалбастаган бирдемеге кармангансыйм… Жарыкчылыктын акыркы нурлары табытты жабалактап баратты… “Атам кандай киши эле?”- деп парз суроо беришти. Сурадым. «Жакшы эле» дешти. Атамды менчелик, биз, балдары билгенчелик ким билет? Ураим бир ата, бир энеден жалгыз уул. Чоң атам Исмайыл жашы кыйла улгайганда кийинки энебизден эки уул, бир кыз көргөн. Алар биз курактуу. Атамдын […]