Шайлообек Дүйшеевдин оозеки аңгемелерине күлүп алгыла

  Атасы «өлгөндө» Аксынын Караванында гастролдоп жүрүшкөн кыл кыякчы Толтой Мураталиев Асанкул экөө Жалал-Абадга тезинен чакырылып, аэропорту жок Кербенден учалбай, Намангандан учмак болушат. Кассада болсо белет жок, ошондо Асанкул: — Толтош, азыр аэропорттун начальнигине киребиз. Кирериң менен эле сен буркурап ыйлап жибер, атам өлүп калыптыр деп айт, — дейт. Бирдеме сеп этмейин ыйлай албасын айткан Толтойго 150 грамм ичирип, начальникке жетелеп кирет, тиги болсо босогодон эле буркурап-боздоп кое берет. Кепти уккан начальник: — Аксакал, сабыр кылың, өмүр жашын сизгеям берсин, […]