Орхан Памук: Адамдын үйү – курсагы тойгон,  жүрөгү соккон жер

Адамдын башка мүмкүнчүлүктөрү болуп турганына карабастан  алардан баш тартып,  дайыма бир киши менен кумарга батуусу махабат делет. ♦ ♦ ♦ Ичимде жалынын сезген жаңы жашоо,  алыста бир жерде,  мүмкүн кол жеткис өлкөдө болчу.  Бирок аракеттенген сайын ага жакындаганымды, такыр болбоду дегенде эски жашоомду өтмүшкө таштаганымды сезүүдөмүн. ♦ ♦ ♦ Мага жалган айтышыңды каалаймын. Себеби адам жоготуудан корккон үчүн гана жалган сүйлөйт. ♦ ♦ ♦ Менин оюмча жазуучулуктун сыры кайдан келери белгилүү болбогон илхамда эмес, көк беттик жана сабырдуулукта. ♦ ♦ […]

Орхан Памук: Жазуу – жашай элек жашообуздан өч алуу

Бозону саттырган – сатуучунун ачуу үнү. ♦ ♦ ♦ Жашоону   зордук, жаза жана ишениш керек болгон жалгандар менен курчалган  тар чөйрөдө, тынымсыз оюн ойноо абалы болгонун алгач ушул күндөрү сезе баштадым. Жашоо – адамгерчиликтин ордуна  жүрөктөн жашалышы керек болгон бактылуулук. ♦ ♦ ♦ Дароо башкасын тапкандыр,  болбосо ал чыдай албайт! ♦ ♦ ♦ Көчөдө  өңү өчкөн, боз кийимчен,  түнт, кордолгон адамдар кетип, ордуна чуулуу, кыймылдуу,  көк бет адамдар келиптир. ♦ ♦ ♦ Бизден бир муун жогорку жазуучулар коомдук жоопкерчиликти сезген, […]