Орозбек АЙТЫМБЕТОВ: Кызыл өрүк

АҢГЕМЕ Чилденин жаланып турган учуру. Күн бүркөк. Ичтен кармаган суук. Бүт Күнгөй тоолорун жер бешенесин ичиркенткен жөө туман басып, тоо кабагы бир жумадан бери ачылбай, түнөрүп, анын каабы этектеги адырларды кошо сермеп, кечээ жааган кардын аягы боройлоп басылгандыктан адырдын айдарым жерлериндеги карлар жылга-жыбыттарга көчүп, ушундан улам адыр агала тартып, бир караган адамга тоодо да, адырда да тирилик токтоп, баары зыңкыя тоңуп калгандай. Көл үстүндө сур булуттар самсаалап, демейде аттын кашкасындай көрүнүп турчу Тескей тарап тумандуу көшөгөнүн далдаасына жашынган. Кара бууранын […]

Орозбек АЙТЫМБЕТОВ: Сыркаар

АҢГЕМЕ Адыр бозоруп жатат. Алдыда бир тилим кайыштай чубалып, көз огунан улам тайып, учугу нары жактан кайра уланып, кош аяк жол агарат. Адырбек абышка бүгүн жылдызы түшүп, ойлуу. Кабагы салыңкы, маанайы өзү келаткан боз адырдай ырайсыз. Жол боюнан пырпырап уча качкан талаа чымчыктарына да, кез-кезде аңкилдек атып безип берген боз коёндорго да көңүл бурбайт. Торкашка текиреңдей баскан сайын сыдырым желге кулпура кеткен сыйда жалдан көз албагандай кейпи бар. Бирок ал ары-бери сеңселген ат жалына эмес, кыялында өзүнүн өткөндөгүсүнө кылчайып, артта […]

Орозбек АЙТЫМБЕТОВ: Акыркы төөчү (шедевр)

АҢГЕМЕ Адырда күз. Күн мээ кайнатып, саргайган адыр отко түшкөн курум кийиздей тап чыгарып, ал тап адыр бетинде көлкүп, көлдөн соккон сыдырым жел менен тоо беткей кылкылдап агып жатты. Аптап күчөгөн сайын адырды боз мунарык чалып, көкжээк көз учунда бүдөмүктөп, куба адырдын учу-кыйыры жазылып бараткандай болду. Береги тоо этегинен бери суурулуп чыккан бүкүр белдердин, балык жон кырлардын, дөңдөрдүн жону күдүрөйүп, күн ысыган сайын көөп, бийиктеп бараткансып, аптапка ыксырап жаткан алп макулуктар өңдүү бир ирмемде ордунан туруп кетүчүдөй көрүнөт. Күйүп кеткен […]