Орозбек АЙТЫМБЕТОВ: Түштүктүн кары (шедевр)

АҢГЕМЕ — Алло? — Да-а. — Нази кайда болдукен? — Мына, ме-ен. — Ий, кандай? — Жакшы-ы. — Түндө кандай эс алдың? — Жакшы-ы. — … — Э-э, Калыс аке, сиз кызык киши экенсиз да-а. — Ий? — Мени бир кызы-ык жолдор менен жеткирип келдиңиз да-а — Ий, үйдөгүлөр бирдеңке деп атабы? — Жо-ок. Түндөсү эшикти жеңем ачты да-а. — Ий? — Келсем үйдөгүлөр эба-ак уктап калыптыр. — Ий? — Ал: «Кайда жүрөсүз, кыз?» деди да. А мен жо-оп бере […]

Орозбек АЙТЫМБЕТОВ: Жымжырт шаар

АҢГЕМЕ Бүгүн Балыкчы жымжырт. Көп күндөн берки алай-дүлөй басылган. Таштак көчөлөр, асфальт жолдор шамалдан кийин бирөө шыпырып кеткендей тасырайып жатат. Асман тунук. Көл көпкөк. Кыштан жазга тарткан учурдун шарапаты болсо керек, күн жылымык тийип, таштак көчөлөр жездей сары нурга бөлөнүп турат. Жоомарт чак түштө порттон чыгып, кулкуну куурап, көнгөн жагына жөнөдү. Жашыл «пивокананын» ичи кажы-кужу. Күрөшкөлөрдүн, ыстакандардын, бошогон тарелкалардын шаңгыр-шуңгуруна аралаш: «Күрөшкөңүз бошодубу?», «Ыстаканыңызды бере турасызбы?», «Бош орундук барбы?», «Силердин үстөлдү мен ээлеп коёюн…», «Кечиресиз, бир бөтөлкөгө жетпей атат, бирикпейлиби?», […]