Сергей Есениндин поэзиясы Кожогелди Култегиндин котормосунда

* * * Сен мени сүйбөйсүң да, айабайсың, Же анча сулуу эмес деп ойлодуңбу? Нестейе, жүзүмдү да карабайсың, Ийниме арта салып колдоруңду.   Жаш селки, даарып сезим – энтелепсиң, Өбөм же сөгөм – билбейм кантеримди. Эстечи, канчаларды эркелеттиң? Эриттиң канча колду, канча эринди?   Өттү бүт көлөкөдөй, каран калгыр, Туш келбей жалыныңа – итеңдесең. Олтурдуң тизесинде далайлардын, Олтурсуң азыр менин тиземде сен.   Көзүңдө көп иш жатат чала жумук, Ойлонуп жатасың го башка жанды. Жалындап сүйбөй мен да – айлам […]

Андрей ВОЗНЕСЕНСКИЙ Кожогелди Култегиндин котормосунда

МЭРИНИН ТАЕЖЕСИ Бүт шаар билчү шуба кийген айымды ал, адаты эле түрмө менен коркутмак. Крест жана ышкырыгы жанында кимдир-бирөө кетпесин деп зордуктап. Жылдар акты. Эч ким зордуктабады. Ышкырыкты ыргытмай да сөгүнмөй. Сатты шуба-каракүлүн баягы чыканакта жыртыгы – өрүк сөөгүндөй. * * * Адамдардын организминин суу болот дейт токсон пайызы – көөдөнүндө Паганининин жаткан сымал сүйүү-намысы. Ойлондураар иш көп белем же – опур-топур кээде азгырып. Болуш керек адам дегенде токсон пайыз жалаң жакшылык. Музыкага дүйнө машталды, токсон пайыз, токсон – кем […]

Евгений ЕВТУШЕНКО Кожогелди Култегиндин котормосунда

АРМИЯ Палатада радиону басайтып, жарадарлар баштан сылап – муюп биз, Зимадагы госпиталды тазартып, балдар хору концерт бердик унуткус. Башташ керек дегенди угуп тикийди, деми күчөп, айланайын, баарынын – балдар, кыздар эки катар тизилди алдында ушул согуш каармандарынын! Одурайып олтургандар – дос ошо, көзү чуңкур, кабагы оор – карашып. Ал-ансайын момураша, бошошо, анткен менен тиктейт бизди аяшып. Согуш соолтуп – оорук кандай кичирген, кан-сөлү жок, арык баары – жарымдай. Айрык, көөнө пальтолордун ичинде аларга биз – согуш каармандарындай! Көз караштар учкул, […]

Роберт РОЖДЕСТВЕНСКИЙ Кожогелди Култегиндин котормосунда

* * * Жаратылыш кайра жакыр, куржалак, кайра маарып – кулпурат бүт чырайы. Таңгалдырбайт кооздугу анын мурдараак, таңгалдырган – чыдам-эрки, чыдамы! Гүлдү кара беш салаадай арбайган, түн ооп барып жарып чыккан асфальтты – жер күчүнө мен кубанбай, ардангам – ал кыйкырып жардам сурап жатпаспы… КАР ЖӨНYНДӨ КАБАР Мындай карды көрбөпмүн го, көрбөпмүн – башкача экен, такыр башка сезимим. Келе жатып уялыңкым, өрнөктүүм келатканга сурап атат кечирим. Кечиргин дейт келатканга калкып жай – түшүнө албас, жерге чоочун телеңгит. Кечир десе сылыктыгы […]