Владимир ДАЛЬ: Шум түлкү (Устатыбыздын архивинен)

ЖОМОК Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ Кышкы түндө жол бойлоп, ачка түлкү келатты; асман бетин булут каптап, кар жаап турат шыбыргактап. “Өзөк жалгаар бирдеме табылса”,- деп түлкүнүн тилегени жем. Ошентип желип-жортуп кете берди, акыры көзүнө бирдеме илинди. Караса, бутка кийе турган чарык экен. “Бул да болсо пайда, мунун түбү кайда”. Түлкү чарыкты оозуна тиштеп алып, андан ары жүрүп, жүрүп бир айылга туш келди да, биринчи эле үйдүн терезесин такылдатып кагып кирди. — Бул ким?- деген үн чыкты ичтен. — Бул менмин, мээрбан […]

Иван БУНИН: Жеңил дем

АҢГЕМЕ Көрүстөндөгү жакында гана кырдалган үймө топурактын үстүндө эменден жасалган бекем жана оор, жылмакай келген жаңы крест турат. Апрелдин бүркөө күндөрү кенен үйөздүк көрүстөндүн эстеликтери тээ алыстан эле жылаңач дарактардын арасынан көрүнөт, муздак шамал кресттин түбүндөгү ак чопо гүлчамбарга тийип шыңгырайт. Крестке чоңурак ак чоподон жасалган моюн тумар тагылган, ал эми тумардын ичинде болсо ойноктогон кубанычтуу көздөрү бар гимназиянын окуучу кызынын сүрөтү. Бул Оля Мещерская. Секелек чагында ал гимназиянын күрөң көйнөгүн кийген окуучу кыздар тобунда алардан айырмаланбай эле жүрчү: ал […]

Антон ЧЕХОВ: Кубаныч

АҢГЕМЕ Түнкү саат он эки болуп калган. Толкунданган, кубанган Митя Кулдаров ата-энесинин үйүнө жүгүрүп кирип, бардык бөлмөлөрдү кыдырып, ары-бери баса баштады. Ата-энеси жатып алган эле. Карындашы төшөккө жатып алып, кайсы бир романдын акыркы барагын окуп жаткан. Гимназист бир туугандары уктап калышкан. – Сен кайдан? – ата-энеси таң калышты. – Эмне болду? – Ох, силер сурабай эле койгула! Мен муну күткөн эмесмин! Жок, таптакыр күткөн эмесмин. Буга… буга кантип ишенериңди да билбейсиң. Митя борс-борс күлүп, отургучка отура кетти. – Бул шумдук! […]

Василий ШУКШИН: Миль пардон, мадам!

АҢГЕМЕ Бул жактарга мергенчилегени шаарлыктар келишип, ушул кыштактыктардан  өздөрүн коштоп жүргөнгө жер уусун жакшы билген киши таап берүүлөрүн  суранышкандарында алар: — Бар бизде, Темке Киндиков… (Бронислав Пупков) Ал мындайга кыйы-ын, аны менен зерикпейсиңер,- деп жооп беришет да, кандайдыр сырдуу жылмайып коюшат. Темке (Темирболот) Киндиков көгүлтүр көздөрү күлмүңдөп турган, өзү да шыр жүргөн, сөзү да жүгүрүгүнөн келген, чымыр денелүүлүгүнө жараша бекем мужук.   Жашы элүүдөн өтүп калган ал өз убагында согушка катышкан. Бирок окко жулдурган оң колунун эки манжасынан ал согушта эмес, […]