Василий ШУКШИН: Бир адам бар эле

АҢГЕМЕ Ушундай да болот экен ээ… Кечээ эле ал адамга жолуккам,  чогуу тамактанып,  андан кийин тамеки чекчү жайга отуруп чылым түтөткөнбүз… Анын жүрөгү оорулуу болчу,  ал тамекини тартпай деле койсо болмок,  бирок орус догдурдун айтканы менен болобу:  ал анын айтканынын баарын  баш ийкеп угат,  ага макул болот,  ооба — таштасам болот эле дейт да,  кайра эч нерсе укпагансып тамекисин түтөтөт. Биз тамеки чегүүчү жерге чогулуп калганда бул жөнүндө көп кеп кылып,  аягын тамашага айлантабыз. — Ичпе,  тамеки тартпа дешет,  — […]

Владимир КОРОЛЕНКО: Үзүм

АҢГЕМЕ I Чай үстүндө отурган чакан топто сөз нугу турмуштагы сырдуу, табышмактуу нерселер жөнүндө кетти. Арабызда отурган сезимтал жаш жигит бир жерде отуралбай ары-бери басып,  биздин аңгемени унчукпай көңүл коюп угат да,  чөнтөгүнөн улам-улам папиросун сууруп чыгып тартып коёт. Анын толкунданып турганын байкаган кожойке: — Эгерде NN башынан өткөзкөн кызыктуу окуяны айтып бербесе мурдумду туурасынан кесип берейин, — деген кожейке — сиз тынч алалбай жатканыңыздан ошентип ойлоп койдум, — деп койду тиги жигит таң кала карап калганда. Ал тамекисинин күлүн […]

Михаил ЗОЩЕНКО: Эстен кеткис окуя

АҢГЕМЕ Бир кызматкердин келинчеги майда буржуазиянын үй-бүлөсүнөн чыккан абдан эле жаш жана бардыгын билүүгө дилгир айым бир актерду сүйүп калды. Ал драма жана комедия артисти эле. Мына ошентип ал келин ошону сүйүп калды. Же ал анын аткарган оюнун көрүп, ал оюн аны өзүнө тартып алганбы, же тескерисинче, анын оюнун көрбөй туруп эле өзүнүн келишимдүү келбети менен жакканбы, айтор ким билсин, аны дегдеди да калды. Ал көпкө чейин эмне кыларын билбей жүрдү: күйөөсү менен ажырашып, артистке турмушка чыгып алабы же күйөөсү […]

Антон ЧЕХОВ: Анюта

АҢГЕМЕ “Лиссабондун” жөнөкөй бөлмөлөрүнүн биринде үчүнчү курстун студенти Степан Клочков тигил бурчтан бул бурчка кадам шилтеп, медицина терминдерин тырышып жаттады. Тынымсыз эбирегенден эрди кургап, чекесинен тер чыпылдап акканычы. Аяздан улам чиймелерге толгон терезенин алдында аны менен чогуу жашаган көгүш көз, кара чачтуу, өңү купкуу тарткан жыйырма беш жаштагы Анюта тактайда отурду. Анысы жону бүкүрөйүп, көйнөктүн жакасына кызыл жип менен сайма тепчилеп аткан. Коридордо илинген саат жебеси чыкылдап түш оогонун көрсөткөнү менен бөлмөнүн ичи али жыйнала элек. Чачылган жууркан, туш-тушка ыргытылган […]

Василий ШУКШИН: Кемпай

АҢГЕМЕ Башкача бир кызыктай жоруктарга барганы менен куулук-шумдуксуз жүргөнүнө жараша, ошондой эле өзүнүн бир өзгөчөлүгү сыяктанып башынан бөлөкчө бир окуялар өтө бергенинен улам аялы ага Кемпай деп ат коюп алган. Ал көбүнчө апенди чалыш күйөсү жосунсуз жорукка барганында бул атты кошо айтып жемелегени менен кай бирде анын баёолугуна ичи элжиреп “Кемпайым” деп эркелеткен тейде жароокөрлөнө да кетчү. Ал өзү ушундай болгону менен арты өкүнүчтүү окуяларга кабылуудан же жоруктарга баруудан каччу, аларды дегеле каалачу эмес. Андыктан болор иш болуп кеткен соң […]

Алексей СЛАПОВСКИЙ: Көк кытан

АҢГЕМЕ Орефьев эгерде ал түшүндө өлүп калчу болсо сындырып убара болушпасын деп түнкүсүн дарбазаны жаппай жатчу болду. А дарбаза болсо темирден жасалып, үч кулпусу бар эле; экөөсү эшиктин өзүн бекитсе, үчүнчүсү бул эки кулпуну бекитет. Уурулар менен тоногучтардан коркпойт. Өзү деги эле чындап ооруп калгандан тарта  адамдардан коркпой калган. Эми ал өзүнөн гана, аныгыраагы, өзүнүн тулку-боюнан коркот — анысы деле өнөкөткө айланып, дээрлик тынч коркот. Же үмүтү үзүлүп коркот. Аны менен кошо Орефьев адамдардан канагат алууну токтотту, бирок чынын айтчу […]

Иван Бунин: Архив иши

АҢГЕМЕ Ошол Фисун аттуу күлкүлүү чал биздин губерниянын жергиликтүү башкармалыгынын архивин жетектечү. Биздей жаш кызматташтарын анын болгон-бүткөн кебетеси, ар бир кыймыл-аракети, архив деген эски сөзгө бизчилеп мыскылдуу карабастан тетирисинче аны абдан жогору койгону, Фисун деген бир кызыктай аты-жөнү, ал тургай бул чалдын какжыйып сексенден ашкан жашы күлкүбүздү келтирчү. Боюнун өтө кодолугу аз келгенсип, бекчейген тарамыштуу бели бүкүр эле, кандайдыр түшүнүксүз нерседен тигилген этеги узун каралжын күрмөсүн үстүнөн түшүрбөчү, баскан сайын калчылдаган илмейген арык бутуна кең жана узун кончу тизесинен ашкан […]

Максим ГОРЬКИЙ: Эрмек үчүн

АҢГЕМЕ …Коюу, боз түтүнүн буркуратып, жүргүнчүлөр поезди ыраакы талаадан, деңиздей көйкөлтүп саргарган эгиндин арасынан, килейген ажыдаарча сойлоп, көрүнбөй калат. Жапжалгыздыгы менен адамдын ичин бышырган кичинекей темир жол станциясы бар ээн, кең талаанын көңүл кош жымжырттыгын бир нече минутага бузуп, поезддин шарактаганы ымшыгын ысык абада анын түтүнү менен кошо жок болуп кетет. Поезддин күрүлдөгөн, бирок тиричиликке байланыштуу табышы тарап, чайыттай ачык асмандын астында тынып калганда, станциянын айланасы кайта дагы жымжырт болуп, адамды бук кылат. Талаа – алтындай сары, асман – көпкөк. […]

Лев ТОЛСТОЙ: Акула

АҢГЕМЕ Биздин якорлуу кемебиз Африка жээгине токтогон. Күн мемиреп, деңиз толкуткан таза шамал бар эле, бирок күүгүм киргенде аба ырайы өзгөрдү: Сахара чөлүнүн ысык аптабы каптап, жадатма үп пайда болду. Күн батаарга жакын капитан палубага чыгып кыйкырды: “Сууга түшө берсеңер болот!” Матростор сууга дароо секирип, парусту сууга түшүрүп байлашты да, парус үстүнөн сууга секирүүнү уюштура коюшту. Кемеде биз менен бирге эки жаш бала бар эле. Биринчилерден болуп сууга балдар секирген, бирок парустун ичи тыгылыш болгондуктан, алар ачык деңизде жарышып сүзүүнү […]