Абдыкерим Муратов: Босогодо уран согушу!..

же Миң-Куштун сабактары биздин Өкмөттү ойлонтпойбу? Тарыхтын тартуусубу, таарынычыбы? 1950-жылы 24-октябрда СССР Министрлер советинин № 381-1854 токтому токулуп, ошонун негизинде Кыргызстанда Миң-Куш (Кабак), Майлы-Сай, Кажы-Сай деген үч жерде тоокен ишканаларын ачуу белгиленген. Көрүпүп тургандай, Улуу Ата мекендик согуштан кийин өлкөгө темир, көмүр, дагы башка жерасты кендери аба менен суудай керек эле. Ага чейин жана андан кийин, тагыраагы 1947-1953-жылдарда Ф.Т.Кашириндин жетекчилиги менен чалгындоо иштери жүргүзүлүп, Кабак көмүр бассейни аныкталган. Мына ушул жерден жер астынан уран алынары да белгилүү болуп, аны тапкан […]