Темирлан Бейшенов: Анын көздөрү…

ЭССЕ Анын көздөрү керемет көздөр. Жүрөктү “болк” эттирген, жашоомо шоола чачкан сыйкырдуу көздөр… Анын көздөрү асмандагы жылдыздардай жанып турат. Жок, жок, түндө жаркыраган жылдыздардан да жарыгыраак, бул жарык дүйнөдө жок периштенин көздөрүндөй. Күзүндөгү мөлтүрөп бышып турган карагаттай. Караңгы, күүгүмдөнгөн жашоомо шоола чачкан шамчырактай… Канча ирет ошол сыйкырдуу көздөргө тигилип, ошол көздөр менен уйкуга кеттим? Дагы канча жашоомду, ай-жылдарымды, уйкусуз түндөрүмдү ал көздөр менен алпурушуп өткөрөм? Анын көздөрү менин жашоомдун маңызы болду.   Супсулуу, баёо да, назик да  көздөр. Муңайым көз караш. […]