Мурзаш АШИРБЕКОВ: Чалдын монологу

АҢГЕМЕ Чал адатынча дөбөгө чыкты. Алоолонуп батып бараткан күндү карап отурду. Мурда ал күндүн чыгышын күтчү эмес беле? Бала кезинде эле чедирейген курсагын чапкылап, кылтыйып чыгып келаткан күнгө карап жүгүрчү. Күндүн чыгышы менен жубай күткөн. Кийин чал таң азандап ушул дөбөгө келип, бала тилечү. Алтымыш жашка чыкканда гана перзенттүү болду. Күн менен кошо «баа» деген баланын үнүн укту. Дагы таш боор тагдырдын кесепети: аялы баласынын үнүн угууга үлгүрбөй калды. – Алдуу-күчтүүсүң, аял ал. Кыйын болот сага, – дешти кишилер. Чал […]