Президентибиздин «Мекендештер» форумундагы убадасы…

Жигердүү ишмердиктин жемиши Үстүбүздөгү жылдын  22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Жарлыкка кол койду.  Муну менен, аталган документте белгиленгендей, Кыргызстан менен тарыхый, маданий, экономикалык, бир туугандык байланыштары бар мекендештер, ошондой эле барган өлкөлөрдөгү диаспоралык уюмдар менен тыгыз диалогду колдогон башкаруу системасы мамлекеттик деңгээлде түзүлдү. Кеңештин негизги максаты – Кыргыз Республикасын динамикалуу экономикалык, маданий, социалдык өнүктүрүү, чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча мамлекет менен […]