Нокаут «жеген» мушкердей үн катпады го ЖоКе

Сот бийликти соттогондо гана күчтүү боло алат Жогорку Соттун Конституциялык Палатасы жогорку соттук органдан маалымат талап кылуусун Баш мыйзамга ылайык эмес деп чечти. Бул чечимге Жогорку Кеңештин бир депутаты реакция жасап, аны тиешелүү комитетте кароо зарыл экенин айтты. Калгандары нокаут “жеген” мушкердей үн каткан жок. Аталган чечим чындыгында эле парламентти нокаут кылбаса дагы катуу хук кылды. Жалгыз гана мамлекет башчысына каяша айта албай, Өкмөт башчысын баш кылып, катардагы мекеменин эсепчи кызматкерин төш кылып, “тепкиге” алып көнгөн эл өкүлдөрү ушул күнгө […]