Жаңы дүбүрт, жаңы таланттар жана жаңы клип! (видео)

Муз.: Рысбай Абдыкадыров, Сөз.: Омор Султанов, Аткаруучулар: Эльзада Нарынбаева менен Роман Чыныбаев

Түгөлбай Казаков менен Рысбай Абдыкадыровдун алгачкы таанышуусу

1967-жылы күзүндө айылыбызга Ысмайыл Борончиев менен Рыспай Абдыкадыров келип калышты. Айыл дүрбөп, көрөбүз дегендер «кайдалап» удургуп жүрүшөт. Эл концерт койгону келишти деп ойлоптур. Тигилер болсо Таштаналы деген аксакалдыкына конокко келишкен. Ал биздин кудабыз эле. Анын үйүн каптап кетишет беле ким билет, эртең клубдан көрөсүңөр дебатып келгендерди араң кетиришти. Өмүрү гастролго чогуу чыкпаган бул эки залкардын ээрчишип жүргөнү эле өзүнчө кызык көрүндү. Ысмакең отуруштун гүлү эмес беле. Токтоналы Шабданбаевдин самолетко түшкөнүн, башын жазганын, согушка барбай калганда аны коркутуп чыгым кылганын, экөөнүн […]