Роза Отунбаева: Атамбаев өзүнүн саясий бечелдигин, адамдык алсыздыгын көрсөтүүдө

Атамбаев элди бөлүп—жарып, кырдаалдын туруктуулугун буза албайт деп ишенем. 2016-жылдын ноябрында президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо боюнча Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялардын бири көтөргөн демилге бул күндөрү логикалык жактан өнүктү. 2019-жылдын 12-июнунда 40 депутаттан турган демилгечи топ койгон айыптар негизинен президент А. Атамбаевге импичмент жарыялоого даярдануу боюнча «Ата Мекен» фракциясынын ошондогу лидери Өмүрбек Текебаевдин 2016-жылдын ноябрындагы билдирүүсүнө негиз болгон фактыларды кайталайт. Ошол эле кезде, 2016-жылдын ноябрында башкаруучу фракциялардын бири болгон «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев президент Атамбаевди кескин сындап, аны Конституцияны […]

Роза Отунбаева: Өлкө тагдырын бүгүнкү балдарыбызга калтырып кетебиз

  2030-жылга карата өнүгүүнүн глобалдуу күн тартиби БУУга мүчө болгон өлкөлөрдүн алдында туруктуу өнүгүүнүн 17 максатын коёт, алардын ичинде бардык чөйрөдөгү жакырчылыкты кыскартуу жана жоюу биринчи максат болуп саналат. Өткөн жыйырма жыл ичинде Кытайда кажыбаган эмгек менен жаратман ири программалардын натыйжасында жакырчылыктын кучагынан 600 миллиондон ашуун адамды сууруп чыга алышты. Партия менен өкмөт 2030-жылга чейин калган 70 миллион адамдагы жакырчылыкты жоюуну милдет катары коюуда. Дүйнөдөгү эң кедей өлкөлөрдүн бири  — Бангладештин жакырчылыкка каршы талыкпай жүргүзүп жаткан күрөшү таң калтырат. Акыркы жыйырма, отуз […]

Экс-Президенттин элитага кайрылуусу, эл-журт, сен да ук!

«Таза шайлоо – туруктуулуктун жана бийликти тынч өткөрүп берүүнүн негизи» жалпы жарандык диалог-форумундагы Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаеванын сүйлөгөн сөзү… Бишкек, 2017-жылдын 12-майы Президент Атамбаевдин мөөнөтү аяктап, аны турукташтыруу да соңуна чыгууда. «Кыргызстан бүгүнкү күндө – башка өлкө» – деп ырастап жатышпайбы Президент Атамбаевдин сөзжазмакерлери, кеңешчиси жана өзү. Чын-чынына келгенде мындай аныктамага жашоонун өзү, алдыдагы шайлоо баа берет, анын жыйынтыктары жакынкы келечекке өлкө үчүн негизги тенденцияны белгилейт. Президентти шайлоого чейин беш ай калганда майданда эки-үч киши аракет кылып жатат, азырынча талапкерлердин […]