Төгөрөгү төп таланттын ачылелек бир сыры…

«Ырперия» поэзия кечеси «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук  фонду  КР Жазуучулар Союзу жана Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири  белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал төкмө акын, манасчы, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин   чыгармачылыгына арналат.  «Ырперия» аталган бул поэзия кечеси 2018-жылдын 23-февралында саат 17.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын кичи залында өтөт. Элмирбек Иманалиев 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Б.Бейшеналиева атындагы […]

«Поэтерапия» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук  фонду Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармония менен  биргеликте  Кыргызстандагы эл-журтка кеңири  белгилүү акын,  жазуучулардын  жана жаш таланттардын  поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүккө ээ болгон жаш акындар  Калича Жакыпова жана Жылдызбек  Турсунбаевдин чыгармачылыгына  арналат. Кече 2017-жылдын 15-декабрында  Филармониянын кичи  залында өтөт.  Башалышы саат 17.00. Кирүү акысыз. Калича Жакыпова – кесиби боюнча суу инженери. Азыркы тапта Кыргыз Агрардык университетинде аспирантурада окуйт жана «Кыргызсуудолбоор» мамлекеттик ишканасында инженер-долборлоочу болуп эмгектенет. Алгачкы ырларын […]