«РухЭшти» колдоо акциясы Азамат Арапбаевден Айбек Алтынбековго өттү

Бүгүнкү күндөгү окурмандарыбызга эски муундагы көөнөргүс чыгармаларды жайылтып, улуттук адабиятыбыздын аянтчасын негиздеген “РухЭш” сайтынын коом агартуу максатын колдоого алууга үндөгөн эл өкүлдөрү Айнура Осмонова жана Азамат Арапбаев өңдүү кесиптештерим менен бирге мен да аталган сайттын ишмердигине тилектештигимди билдиремин. Эне тилибиздин көркөм туюнтма каражаттарын элге жайылтуу аракети эч кандай коммерциялык багытты көздөбөгөндүгүн эске алып, өз салымын кошкон кесиптештеримдин мага өткөргөн эстафетасын улай мен да жеке өзүмдүн атымдан “РухЭш” сайтынын 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине өз көмөгүмдү жөнөттүм. Гуманитардык багытта коом […]