Калил Жибран: Рухтун ыры

Жүрөгүмдүн уругунда, рухумдун тереңинде жашаган сөздөрү жок ырым бар. Ал калем менен жазылуудан баш тартат, сүйүүмдү жумшак кебез менен оройт, бирок оозумдан чыкпайт. Бул нерсени кимге айта алам? Аалам абага айланып кетишинен коркомун. Кимге айтам?  Жан дүйнөм коркунучтун кулагынан коркуп жашап жатат. Көздөрүмдүн тереңдигине караганымда:  көлөкөнүн көлөкөсүн, бармактарымдын учун кармаганымда титирөөнү, колдорумдун кыймылдары  жашап жатканымдын себебин билгизет,  бир көлдүн жаркыраган жылдызды элестеткениндей, көз жаштарым агат, таптаза жамгыр тамчысы сыяктуу, куурап калган гүлдүн сырын ортого төгүп жаткандай сезилет. Бул ой менен […]