Рысбек ЭШМАТОВ: Түш жана адабият (илимий-теориялык аспектилери)

XIX кылымдын аяк чендеринде Европанын Шарко, Бернгейм, Брейер, Жане сыяктанган белгилүү психологдору ар кандай психикалык жана нерв ооруларынын негизинде көңүлгө ала турган өзгөчө бир факты жаткандыгы жөнүндө көбүрөк айта башташкан; ошол психикалык жактан бейтап адамдардын аң-сезиминин ачакейлениши (расщепления) көңүл оорусу менен жабыркаган адамдардын жандүйнөсүнүн түпкүрүндө жаткан бейаң сезимдерге байланыштуу келип чыгарын белгилешкен. Адам психикасынын мындай көрүнүштөрүн бир тууган Жанелер өз көз караш, божомолдорунда мындайча туюндурушкан; «Бардык эле адамдар кошбирдиктүү инсандыктан турушат — өзүн аңдаган жана аңдай бербеген (осознанной и несознанной). […]

Рысбек Эшматов: Адабий түштөрдүн поэтикасы

Түштүн табияты жана тарыхы В.В.Шкловский баамдаганын мындайча туюндуруп, айтып өткөнү бар: «Адам баласы өз түштөрүн айта баштагандан жана үңкүрлөрдүн боорлоруна сүрөттөрдү тарта баштаган күндөн тарта — бул биринчи болуп анын жашоосун эки эселентти»[1]. Ушундай тарыхый-турмуштук көрүнүштөрдүн өзү көркөм чыгармачылыкка (ишмердүүлүккө) өз алдынча стимул болуп, кызмат өтөөгө жараганын, ушундай табигый-тарыхый көрүнүштөрдүн өзү алгачкы искусствонун түптөлүшүнө, негизделишине алгачкы жерпайы (фундаменти) болуп бергенин белгилей кеткенибиз оң болор. Түш көрүүнүн өзү архаикалык доордогу адамдарда алгачкы диний түшүнүктөрдүн, ишенимдердин, жан жөнүндөгү ар кыл идеялардын пайда […]