Мамлекеттик бийлик молдо-бакшылардын башкаруусундабы?

Мумия музейге кайтарылабы?.. Баткенден өткөн кылымда табылып, былтыр 14-октябрда кайра шашылыш көмүлгөн байыркы мумия Улуттук тарых музейине кайтарылабы? Же Кара-Булак кыштагындагы Мактым-Гөрдө кала береби? Жарым жылда коён алты жолу боозуп, алты жолу тууйт. Парламенттик комиссия мумияланган аялдын сөөгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине кайра кайтаруу боюнча алты ай мурда берген сунуш али аткарыла элек. Мумияланган кызга тиешелүү расмий хронология Өлкөнүн Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 15-декабрда “Азаттык” радиосуна: «Эми жол-жобо боюнча бул маселе парламенттик комитетте каралышы керек. Комиссиянын […]