Рюноскэ АКУТАГАВА: Искусство аял сыяктуу…

Рюноскэ Акутагава (жапон — 芥川 龍之介) — 1892-жылы 1-мартта Токиодо төрөлүп, 1927-жылы таңга маал өз жанын өзү кыйуу менен дүйнөдөн өткөн. Жапондордун классик жазуучусу. Кыска өмүрүндө ал өзгөчө таланттуу жазуучу, чебер новеллист катары таанылган. ♦ ♦ ♦ Адам жашоосу ширенкенин кутусуна окшош. Ага олуттуу мамиле кылуу күлкүлүү. Олуттуу мамиле жасабоо коркунучтуу. ♦ ♦ ♦ Кумар оюндарын ойногондордун арасында пессимисттер жок. ♦ ♦ ♦ Абийир – катаал искусство. ♦ ♦ ♦ Таңгаларлык болсо да, кумарданууга берилген аялдын жүзү жаш бийкечтикине окшоп […]

Рюноскэ АКУТАГАВА: «Эргежээлдин экимети» — 3

Жаңжал Акылы пас адамдар жаңжал дегенде жантыгынан жата калат. Белая Лилиянын[1] айланасындагы айтылуу жаңжал, Арисимага байланыштуу армандуу айың, Мусякодзинин чырдуу окуясы андай адамдарды чын күлүктөй элиртет. Акылы пас адамдар эмне үчүн атактуулар аралашкан ыр-чырга өтө ынтызар? «Анткени, – дейт Гурмон, – андай жаңжал, андай ыр-чырды биз табигый иш катары сыртка чыгарбай, ичибизге катып көнгөнбүз».

Рюноске АКУТАГАВА: «Сыйкырдын керемети»

90-жылдардан кийинки адабият астанасын аттаган муундун жолу шыдыр болбоду. Совет доорунда далай автордун адабий аброюн көкөлөтүп келген «Ала-Тоо» журналы менен «Кыргызстан маданияты» гезити үзүл-кесил чыгып отуруп, кийин таптакыр жолу үзүлдү. Мурда чабаны болсун, баба дыйканы болсун, ушул эки басылманы кончуна тыгып алып талаа-түздө окугандар көп болор эле. Биздин бала чагыбызда кайсы чабандын же саанчынын үйүнө барба, керегеде ушул эки басылма сөзсүз кыстарылып турган болор эле, таңгагы менен жатчу.

Рюноскэ АКУТАГАВА: «Мандариндер»

АҢГЕМЕ Сыртта кыштын түнөргөн суук күүгүмү өкүм сүрүп турган. Мен Екосукадан Токиого бараткан поезддин экинчи класстагы вагонунун бурчунда олтуруп, сапарга чыгууга карата берилүүчү ышкырыкты зеригүү менен күтүп отурдум. Вагондо электр жарыгын эбак жандырышканы менен, негедир менден башка жүргүнчү көрүнбөйт. Атүгүл сырттагы жарым-жартылай караңгы, жүргүнчүлөр топтолуп туруучу аянтчада да негедир бүгүн узатуучулар жок, бир гана темир капаска камалган иттин аянычтуу кыңшылаганынан башка үн угулбайт. Мунун баары менин ошондогу маанайым менен укмуштуудай дал келишип турду. Менин жандүйнөмдө кудум кыштын карарган асманындай болгон […]

Рюноскэ АКУТАГАВА: «Жөргөмүштүн желеси»

АҢГЕМЕ Бир жолу Будда өзү жалгыз бейиштин шалбаасында сейилдеп жүрдү. Шалбаанын баардык жерин акактай аппак суугалдактар[1] курчап, алардын алтын түстүү жүрөкчөлөрүнөн жагымдуу жыттар аңкып турду. Бейиште ошол маалда эми жаңы таң аткан. Ой кучагындагы Будда капысынан суу үстүндөгү суугалдактардын жайылган жалбырактарынын арасындагы суу терезесинен Суугалдак көлмөсүнүн тереңинде эмнелер болуп жаткандыгын көрүп калды.

Рюноскэ АКУТАГАВА: «Эргежээлдин экимети» — 2

Жалганчы Каратып туруп калп айткан аялды билер элем. Ал баарынан бактылуу болчу. Бирок ал чыпчын айтып атса да, билгендер калп айтат деп койчу. Анткени ал калпты кынабына келтирип, көркүнө чыгарып айтар эле. Аны жакшы билген аккөз, көккөздөр анысын эң кайгылуу трагедиясы катары карачу. Кайрадан ошо жөнүндө Бардык художниктер сыяктуу эле мен да калпты катырам. Арийне эчкачан артынан кууп кеткен эмесмин. А ал болсо те, атамзамандагы калпын азыр эле айтып аткансып эсине тутуп жүрөр эле. Кайрадан ошо жөнүндө Канчалык каңырык түтөсө […]

Рюноске АКУТАГАВА: «Караңгыда маек»

Которгон Сагын АКМАТБЕКОВА 1 Ү н: – Сен мен ойлогондой эмес экенсиң. М е н: – Ага мен күнөөлүү эмесмин. Ү н: – Ошентип ойлотуп мени чаташтырган сенсиң. М е н: – Жок, мен эмесмин. Ү н: – Бирок сен көркөмдүктү жана сулуулукту жакшы көрөсүң, аны жакшы билем. Же жөн эле жакшы көргөнсүп жүрөсүңбү? М е н: – Жакшы көрөм.

Рюноскэ АКУТАГАВА: «Эргежээлдин экимети» — 1

Искусство искусство үчүн Искусство искусство үчүн деп чуулдагандардын көпчүлүгү искусствонун чуркалары. Ашынган улутчул адамдардын көбү да ата мекенсиздер. Биздин эч кимибизге кудай кут кылган нерседен башканын кереги жок. Тарыхый материализм Агер ар бир прозачы турмушту Маркстын тарыхый материализмине тууралап сүрөттөсө, анда ар бир акын ай менен күндү, тоо менен сууну Коперниктин күндү айлануу теориясына ылайыктап ырдашы шарт. «Батыштан күн батты» – деп айтуунун ордуна, «Жер мынча градус, түкүнчө мүнөткө ооду» – деп айтууга туура келет. Аны көркөм сөз деп ким […]