Осмонакун Ибраимов: Коогалуу жылдар жана согуштан кийинки кыргыз поэзиясы

Эскертүү: КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынандаярдалган “Классикалык изилдөөлөр” аттуу китептен алынды. Совет адабиятынын тарыхый өнүгүшүнө партиялык жетекчиликтин тийгизген таасири күчтүү болгону баарыбызга маалым. Ырас, кийинки убактарда «жетекчилик» деген сөз бара-бара башкача туюнтмалар, мисалы, «диктат», «көзөмөл», «кийлигишүү» ж.б. менен алмаштырыла баштады. Кайра куруу саясатынын касиети бул чөйрөгө да түздөн-түз таасирин тийгизип, бул же тигил термин же туюнтма түгүл, нечен жылдардан бери баарыбызга жадыбалдай жат болуп калган теориялык аныктамалар, кыйшаюусуз жетекчиликке алынып келген илимий постулаттар, концепциялар кайра каралчудай, ал гана […]