Дилазык: Сүйүү жөнүндө икая

Сабак учурунда башталгыч класстын окуучусу мугалим эжесине суроо узатты: — Сүйүү деген эмне? Эжеси окуучу кыздар-балдардын да бул суроого кызыгуулары жаралганын байкады. Окуучуларга туура жана так жооп бериш үчүн баарын мектептин жанындагы сейил бакка алып чыгып, жүрөгүңөргө жылуулук, сүйүү тартуулаган каалаган нерсеңерди таап келгиле деди. Балдар кызыктуу тапшырманы кубануу  менен кабыл алышып, ар кимиси ар кай жака чуркап кетишти. Кайтып келишкен соң, эжекеси кимдин эмне алып келгенин көргөзүүсүн өтүндү. Биринчи окуучу: — Мен ушул гүлдү алып келдим, жыты буркурайт. Аябай […]