Линда Бут Свини: Шамалдын учуру

Башталган кезде бороону: Морлордун чыгып обону. Кайчылдап каалга, терезе Карайбыз сыртты оболу. Теле-экран чырт-чурт чертилип, Үшкүрөт энем энтигип. А биздин куунак көңүлдөр Этек-жең, көйнөк желпинип! Ордунан жылып араба, Флюгер[1] – калак абада. Коңгуроо зың-зың кагылып Корголойт күчүк анада. Дарактар бийлеп термелет, Жөргөмүш желе тормолойт. Калдаңдайт учуп жалбырак, Калтырап чычкан корголойт. Күчөнсө шамал жандана, Эгинди чачып анда да… Булуттар көктө жарышып, Ойнойбуз а биз шаңдана. Парустун парда канаты, Кайыктар калкып баратыр. Деңизде дөңгөч делбектейт, Чардактар кайкып галаты[2]… Суу толкуп, оонап челектер, Сапырып […]