Залкар Назарматов: Сүтак

АҢГЕМЕ Жайдын айлуу түндөрүнүн бири. Күндүз кечке чөп чөмөлөп эси оогон ал береги алачыктын түбүнө чалкалай жата кетти.  Каруусу талыкшып, булчуңдары чымырап ооруп атты. Бир колун желкесине жазданды да көзүн жума терең дем алды. Кечээ гана чабылып, жаңыдан кургап келаткан жапайы беденин жыты аңкып мурун жарат. Керээлден кечке кулак кужурун алган чегирткенин чырылдагы бир аз басаңдагандай. Аркы колоттон бытпылдык үнү жаңырат. Анын сайраганы бул адырларга кандайдыр жан киргизип тургансып, не бир сырдуу. Теребел үлп эткен желге ыргала каалгып, мемиреп, үргүлөйт. […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Анар гүлү

АҢГЕМЕ — Ай, ий, мобу не болгон гүл? – деди аппак көйнөк кыз эңкейе берип, анын сөзүн угуучу бакчада отурган эс алуучулардан жооп дале күтпөй. Кыздын суроосуна эч ким дале унчукпады. Ар ким өз-өзүнчө экиден, үчтөн, төрттөн болуп сүйлөшүп жаткан. Бир жигит гана кызга жакын басып келди. Анан ал кыз таң калып жаткан гүлдү карап калды. — Намашам гүл турбайбы? – деп койду жигит кайдыгер гана. — Карасаңыз, байке, акырын кыймылдап, анан пар эле ачылып жатат. Биринчи көрүшүм, — деди […]