Сабыр ИПТАРОВ: Кыргыздын таттуусу – Жан, ачуусу – Өлүм

«Жан» түшүнүгү – адам акылынын албан ачылгасы, турмуштук туу табылгасы, тутунган туур-таянычы болгон. Жаралган нерсени жандаган күч болмогу, бар нерсени бир нерсе коштой жүрмөгү – Жараткандын мыйзамы. Ошол керемет күчтү адамдар «жан» деп түшүнүп, ага арыбас да, карыбас касиет беришкен. Ага «кылдын учунда» деп аяр мамиле жасап, «таттуудан таттуу – жан, ачуудан ачуу – өлүм» деп бүтүм чыгарышкан. «Аа» деген дем менен денге жан кирген, ошол дем менен жан чыккан. Ошентип, сөз жаралган, үн, жан жаралган күн болгон. Ден бар жерде дем, дем бар жерде жан, жан бар жерде өлүм бар. Абалтан келаткан акыйкат ушул.

Жан – «адам», «өмүр», «тирүүлүк» түшүнүктөрү менен үндөшүп, денге маңыз, кунар, кубат берип, ырахат ыроолойт. Ден кубаты – жан, жан кубаты – дем. Жансыз жер канчалык кунарсыз көрүнгөндөй, жандан бөлүнгөн дене да ошондой. Андыктан, адам жан табиятын изилдөөгө, анын жан сырын ачууга дайыма куштар, дайыма дилгир. Көркөм сөз чеберлери:

…«Ак шайы көйнөк, күмүш кемер сыяктуу,

Адамдын жаны сатылып турса базарда.

Дагы жыргап, дагы жашап көрсүн деп,

Өзүм албай берер элем адамга.

Жандарына жан кошоюн дегеним:

Адам деген көп өлгүч тура бечара». (А. Осмонов).

Эзелтен чечилбеген улуу талаш:

Канткенде адам уулу адам болот?

Душманды кырып-жоюп басканда да,

Душмандан жан соогалап качканда да,

Түбөлүк чечилбеген ушул талаш:

Канткенде адам уулу адам болот?

Адамзат качан чечет, качан коёт:

Канткенде адам уулу адам болот?» (Ч. Айтматов).

«Адам – сыр. Сырды ачыш керек. Эгер аны ачам деп, азап чегип жашап өтсөң, өмүрүм текке кетти деп өкүнбө» (Ф. Достоевский) деп, бүт өмүрүн адамды изилдөөгө арнап, өз жашоосун түгөнбөс түйшүккө айландырышкан. Ошондон улам акын-жазуучуларды «адам жанынын инженерлери» деп атоодо анча деле аша чапкандык жок.

Аттиң, адам пендеси тирилик турмушта жан кадырын жетик сезе бербейт. Ал көбүнчө өзүнүн жан-дүйнөсүн өрчүтүүгө көнүкпөй, көпчүлүктүн шары менен жашоого ыңгайлашып өтөт. Албетте, кандай жашоо – ар кимдин өз ыктыярындагы иш. Ал эми өмүрү жандуу, маңыздуу, максаттуу жашоонун өрнөгү болуп, бу жалгандан чын айтып (ЧЫНгыз АЙТматов), жаркын жашап өткөн адамдардын өмүр сабагы – адамзатка жарык жол жандырар шамчырак. Алар акырына чейин адамдарга жарыгын чачып, жылуулук берип, алардын ажатын ачып жүрүп, өздөрүн түгөтүп бүтүшөт.

Мына, жакында эле жалпы эли менен бирге кубанып, буюрса, сексендин мааракесин белгилейм деп турган маалында өлүмгө кыйбас Чынгыз агабыз жан бүткөндү кайгыга салып, өзөктү өрттөп, өзү жазган Сеңирбай керегечи сыңары («Кайрылып куштар келгенче») керээз-мурасын айтууга үлгүрбөй, дүйнө сала берди. Бүгүн маркумдун турмуштук да, чыгармачылык да өмүр жолу көбүбүздүн көз алдыбыздан кайрадан чубуруп өтүп, көп нерсенин маңызы кайрадан дааналанып, ачылып туру. Өмүр арманы, өнөр салмагы өзгөчө сезилип туру.

Айталы, кырчын кезинде райком болчу кесипти жыйыштырып коюп, адабият айдыңына аттана берген да, алтымыштын кырында Президент болуңуз десе «билген эле ишимди иштейин» деп, сыпаа баш тартып койгон да Айтматов болгон. Бул айрым турмуштук мисалдар анын жашоодо туу туткан дөөлөтү эмне болгондугун эч кошумчасыз эле ачык айкындап турат. Акылман айткандай, чоң максат жана чоң каршылык чоң тагдырды жаратат окшобойбу. Кезинде ага: «биякта ак койдун тагдыры актуалдуу болуп жатса, кайдагы бир кокту-колоттогу карышкырдын кайгысын ойлойт», «өлкөбүз карайлап турса, тээ асмандагы бир монахтын тагдырына кейийт» деп акаарат келтиргендер көп эле болгон экен.

Аттиң, андайлар азыр деле жок эмес. Көрсө, жалпынын таламына жеке адам өзүнүн жекече кадамы, жекече салымы менен көбүрөөк пайда келтирет тура. Аны кеч аңдаган замандаштарыңызды, кеч болсо да, кечириңиз, жан ага…

Айтматовдун өзү да, каармандары да дал ушул «жеке адамдын жан дүйнөсү» деген жалпы адамзаттык асыл дөөлөттү, арыбас максат-мүдөөнү көздөп, ар бир окурманды ак жүрөк, ак ниет, адилет, чынчыл, чечкиндүү болууга үндөп, жандуу жашоого шыктантып турчу. «Жаным», «жаныбарым», «жанболотум»… ыраматылык агабыздын да жандай көргөн сөздөрүнөн эле. Эсил кайран жан ага, эми сиздин денеңиз жерде, жаныңыз көктө. Ылайым көк менен жер түбөлүк коюндашып, жашоо билиги жанып турмагы чын болсо, анда сиздин жаныңыз да адамзаттын бир акылгөй, адамгөй кулунуна байырлап, өмүр улай береринде шек жок. Биздин көңүл жубатарыбыз да ушу…

..Ошентип, акыры баарынын түбү өлүк (түбөлүк) экендигине көзү жеткенде, кыргыз баласы «Өлгөндүн жазасы – көмгөн» – деген. Көмгөнү ошол – маркумду акыркы сапарга тикесинен тик туруп, көздү жаштап, батасын багыштап, урмат-ызаат менен узатуу. Жана да арбактын элесин эскерип, атын өчүрбөй сактай жүрүү. Адатта, маркумдун атын ар нерселерге коюу анын аброюн көтөрүп, кадыр-баркын арттырса, бу жолу Айтматовдун ысымын көтөрчү таберик да, көрүнүш да «табылбай», апкаарып турубуз. Көбүбүз көнгөн адатыбыз боюнча «минте салалы» деп ашыгып турганыбыз менен, чыны, асылдын албан жан-дүйнөсү адамдардын акыл ааламына, турмуштук түшүнүк-кадамдарына сыйбай туру.

Арийне, кимден чыкса да, асылды атасынын жанына коюу акылгөй иш болгон. «Арыбагыла, аталар! Бар бол, Ата-Бейит, айланып мына мен да келдим…» – деди да, алардын жанынан жай алды. Ал эми маркумдун атын калтыруу жаатында айтылып жаткан ойлорго кайрылып, аларга «а киши өзү кандай карар эле» деген суроо койсок, кудай акы, ал киши булардын бардыгына каршы болмок. «Койгула, убара болбогула. Жазганымды окугандар болсо, жетет», – демек.

Асылдын жан-дүйнөсү ошондой эле. Адам чиркин, болбой эле өзүмчүл жан да, эң жакын адамынан айрылып жатып да: «Сен эмне үчүн мени таштап кеттиң? Эми мен эмне кылам, кимге барам?» – деп, дале өзүн ойлойт. Жок, бу жолу биз – тирүүлөр – өзүбүздү эле, бүгүнкүбүздү эле ойлобошубуз керек, адатыбызча бул ишти арыдан-бери бүтүрө салып, отчёт берүүгө ашыкпашыбыз керек. Себеби, биз жаңы кырдаалда, жаңыча чечим кабыл алуу жоопкерчилигинин алдында турабыз. Дүйнөгө аты небак дүңгүрөп, өзү аттын кашкасындай таанымал болуп, аброю асманга кеткен Залкардын рухун көтөрөбүз деп жатып түшүрүп алуу коркунучунун алдында турабыз. Мындай опурталдуу окуя биздин тарыхыбызда болгон. Айталы, Манас баштаган айкөлдөрдүн аттары бир кезде адамдардын көкүрөгүндө кыттай уюп сакталган, ынтаалуу айтылып, ыйбаалуу мамиле жасалган ыйык ысымдар болгон. Азырчы? Алар: Манас-1, Манас-2, Манас-3 ордендери, Бакай-Холдинг, Кошой-Ойл ж. б. болуп бутташып кеткен.

Акыры алардын арбактары бизди кечирер бекен?!

Бул жагдай, бизден дароо бир нече көнүмүш адаттардан баш тартууну талап кылат:

  1. Арбактын атын ойгелди, оңду-солду ыйгара берүү адатын токтотуу.
  2. Маркумдун айкелин «аттуу-баштуу монументалистке» заказ берип, арыдан бери жасата салууну токтотуу.
  3. Маркумдун атын ар кандай майда-барат ишкана-уюмдарга ыйгара берүүнү токтотуу.

Элибизде «ашы өтсүн, азасы суусун» деген нарктуу салт бар. Адегенде, баарыбыз «Айтматов ким эле?» деген соболдун төркүнүн аңдап алганыбыз ийги болуп турат. Антпесек, маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларында анын аброюна шайкеш келбеген айрым көрүнүштөр да болуп кетти.

Андыктан, Айтматовдун аброюн, дүйнөлүк адабий-маданий, рухий-интеллектуалдык ааламда алган ордун маркумдун азасына көңүл айтууга келген каттарда, телеграммаларда таасын аныкталган деңгээлден төмөн түшүрбөсөк. Анан 60 уруу түркий тилдүү боордошторубузду тыңдайлы. Анан, албетте, алты дубан элди угалы. Буларды коштой интернетте эл аралык деңгээлде, бир нече чет тилдеринде «Айтматов форумун» ачып, дүйнөлүк окурмандардын, ойчулдардын ой-пикирлерин, сунуштарын угалы. Алардын баарын астейдил талдап чыгалы. Айтор, Айтматовдун ысымын ыйгаруу акциясы элдерди, өлкөлөрдү, маданияттарды данакерлеп, баш коштурган, ХХI кылымдын башталышындагы жалпы адамзаттык социалдык-философиялык, көркөм-эстетикалык акыл-ойдун туу чокусун символдоштурган орошон окуя болуп калсын.

Андан соң Ата-Бейиттин, Айтматов китепканасына ылайык деген имараттын, маркумдун үйүнүн сүрөтүн кошо берип, аны да интернетке жайгаштырып, келечектеги айтматовдук ансамбль-комплекстин архитектуралык дизайнына, анын айырмалуу эн тамгасын иштеп чыгууга эл аралык конкурс жарыялайлы.

Айтматовдун сыртынан жайдары, ичинен жапалуу жандүйнөсүн кандай зат, кандай ыкма, кандай элес менен чагылдырып берүүгө болор экен? Өлбөс сүйлөмдөрдү жараткан сүрөткердин эстелигине кандай өчпөс сөз жазылат? Мындай суроолордун учугу түгөнбөйт. Булар – бүтүндөй жер жүзүндөгү анын окурмандарын түйшөлткөн гана эмес, дегеле пенде баласын толгонтуучу суроолор. Эмесе, булар боюнча да калайыктын оюн угалы. Бир сөз менен айтканда, ушундан баштап, Айтматовчо терең баамдап, олуттуу, салмактуу кадам таштаганга үйрөнөлү. Мындан ары Ала-Тоонун бийигинен адамзат айдыңына көз салып, ага жакындап келаткан алааматтарды алдын ала сезип, андан адам баласын арачалап калууга ашыгып, ага казык, кара башын токмок кылып жашап келген, «Алдыда жүрсө ак жолтой, артында жүрсө сан колдой», элине карааны калка, аты аска Асылыбыз жок бүгүн…

  1. Бу жалганда ачуу-таттуусу аралаш, өлүм-өмүр тогошкон «кылымга тете күн» да болот. 12-декабрь кыргыз маданияты үчүн мына ушундай символикалуу, төп күн: 12-12 (12-ай, 12-мүчө ж. б.). Ушул күнү акындын мөлү Алыкул дүйнөдөн өтүп, сөздүн пири Чыңгыз жарыкка келген… Андыктан, бул күндү маркумдарды эскерүү күнү гана эмес, дегеле Сөз жаралган, Тил төрөлгөн күн, Өнөр кудуретине сый-урмат көрсөтүү күнү катары «Улуу сөз күнү» («День живого слова») деп, календарга кызыл күн катары киргизүүбүз керек. Бул – ар нерселерге койгон аттарга караганда алда канча маанилүү, алда канча салмактуу кадам. Бул, баарынан мурда, биздин Асыл аталарыбыздын аброюна берген татыктуу баабыз болмокчу. Бул биздин «Манасыбызды» жаратып, сактап келген улуу Сөзгө койгон түбөлүктүү эстелигибиз болмокчу.

Адамзат жыл эсебин Иса пайгамбар төрөлгөн учурдан тартып эсептеп келатканы менен, ал али өзүнүн сөзү жаралган күндү расмий аныктай элек. Демек, биз – кыргыздар – Сөздү, сөз жараткан Адамды барктаган эл катары расмий белгилеген тарыхтагы нарктуу эл болобуз. Бул күн Айтматов менен Алыкулду эскерүү болбостон, күндө колдонуп, бирок кадырына жете бербеген касиеттүү Сөздү жана жалпы адамзаттык улуу көркөм сөз дөөлөттөрүн жараткан Өнөр ээлерин эскерүү күнү болмокчу. Балким, бул күн бара-бара ар кайсы өлкөлөрдөгү (балким, адегенде түрк мамлекеттериндеги) Айтматовдун окурмандарынын демилгеси менен бардык өлкөлөр тарабынан колдоого алынып, алардын календарына да кириши ажеп эмес.

  1. Айтматов жашаган үйдү дароо жазуучунун үй-музейи катары мамлекеттик коргоого алып, аны жалпы элдик асыл мүлк, улуттук дөөлөт кенч катары атайы өкмөттүк жарлык чыгарып, камкордукка алып, маркумдун архивин, буюм-тайымдарын, алган сыйлыктарын толук бойдон сактап калуу, топтоо боюнча ишти колго алуу керек. Атайын жумушчу топ түзүп, аны толук бойдон мамлекеттин эсебинен каржылоону колго алып, аларга бардык керектүү шартты түзүп берүү зарыл. Бул жерде опол тоодой иштер жатат. Андыктан, алардын башында апасын жанына алып, айкөлдүн көкүрөк күчүгү Элдар өзү турушу керек. Атанын баласы кандай болмогун, ата мурасын кандай ардакташты маркумдун өмүрү өзү айтып турат. Ааламда Чыңгыз экөө, ал эми Айтматов бирөө гана! Ошондуктан, Айтматов Ата уулу, Эл уулу, Адамзат уулу катары жалпы адамзаттын чыныгы бийик сыйына жана сыймыгына татыктуу.
  2. Айтматовдун чыгармалары небак дүйнөлүк адабий классиканын алтын казынасына кирген. Андыктан, жазуучунун жүз жетимиштен ашык тилге которулган чыгармалары толук топтолуп, алардын нускалары Айтматовдун китепканасында турушу керек. Аларды дагы башка тилдерге которууну улантуу керек. Алардын электрондук үлгүсүн толук бойдон интернетке жайгаштыруу зарыл. Ошону менен бирге эле Айтматов боюнча жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдү, монографиялык эмгектерди, басма сөз материалдардын ж. б. толук бойдон топтоп, алардын картотекасын түзүп, иретке келтирип, Айтматов энциклопедиясын толуктап, жарыкка чыгаруу керек.
  3. Айтматовдун чыгармаларынын «Руханият» уюму тарабынан чыгарылуучу 8 томдугу андан соң сөзсүз улантылып, жазуучунун окурмандардан алган, аларга жазган каттары, эскерүүлөрү, бүтпөй калган кол жазмалары ж. б. менен толукталып, академиялык басылышта жарыкка чыгышы зарыл. Дал ушундай эле иштер кино, театр, сүрөт, теле көрсөтүү, радио уктуруу ж. б. тармактар боюнча да дароо колго алынып, өзгөчө материалдардын оригиналдарын, түп нускаларын топтоо жагына басым жасоо зарыл.
  4. Кыргыз эли куймак, угарман эл, окугандан укканды жакшы көрөт. Жалпы адамзаттын кызыкчылыгы деле ошого ооп баратат. Андыктан, Айтматовдун чыгармаларынын мыкты көркөм окуган жана автордун өзүнүн үнү жазылган CD, DVD тасмаларынын үйдө, көчөдө, жолдо угуп жүрүүгө ыңгайлашкан үлгүлөрүн чыгарууну башташ керек. Муну Кыргызстандагы элчиликтер менен сүйлөшүп, аларды ошол мамлекеттерде чыгарууга жетишүү керек. «Элчи менен ырчы – элге көпүрө» дегенди алар кесиптик тилектештиги, жүрөктөштүгү менен далилдеп көрсөтүшсүн.
  5. Айтматов – канатчан адам эле. Дүйнөлүк жазуучулардан асманда андан көп убакыт учкан адам болбосо керек. Аны эсептеп чыгып, Гиннестин китебине киргизсе болчудай. Андыктан, анын ысымын оболоп көктү чызган учакка берсе жарашат. Анын ысымын мухит кезип, муз жарган кемеге берсе жарашат. Бирок кеп башкада. Ал барган мамлекеттердин, шаарлардын, окуу жайлардын ж. б. атын, дарегин тактап, алардын эл аралык шериктештигин түзүү керек. Интернет аркылуу тынымсыз алака-катышта болуп, маалымат алмашуу айтматовдук руханий казынаны гана байытпастан, элдердин, өлкөлөрдүн, маданияттардын өз ара жакындашуусуна да салым кошору шексиз.
  6. Айтматов адабия институту, Элдик маданият борбору, Глобалдуу экологиялык кыймыл, Айтматов университети – бара-бара мына ушундай ырааттуу, ички байланышта иштеп, илимий практикалык өңүттө иш жүргүзгөн уюмдардын бирлиги түзүлөт. Мында эске алчу бир жагдай бар. Ырас, Айтматовдун каармандары – калдайган өзүнчө бир чоң калаа. Бирок автор алардын ичинен «Ак кемедеги» балага гана энчилеп ат берген эмес. «Бала» деп гана койгон. Себеби, бала – ааламга, жалпы адамзатка таандык дөөлөт. Андыктан, жогоркулардын катарында Бүткүл дүйнөлүк Айтматовдук баланы коргоо коомунун болушу мыйзам ченемдүү.
  7. Атаганат, Көл кылаасында, Ала-Тоонун саясында, кеңири, жайык жерде Ташкул ага түптөгөн «Аалам ордо» сыяктуу Айтматов шаары түптөлсө, аны ар бир муун улам өрүштөнтүп, өркүндөтүп, көркөмдөп жүрүп отурса. Андан ар убак ажайып «Ак кеме» сүзүп чыгып, чыгыштан батышка, батыштан чыгышка каалгый сапар алып турса… Албетте, кыялга чек жок. Бирок кыялсыз, кыялды ишке ашырам деген дымаксыз жашоо да жашообу?.. Эгер Көлдүн дарбазасы – Балыкчы шаарынын калкы Айтматов шаары болобуз десе, анда бул шаардын бүтүндөй жан дүйнөсүндө сөзсүз жагымдуу өзгөрүү боло тургандыгында шек жок. «Жакшынын шарапаты» деген бекер сөз эмес.
  8. Айтматов – академик болгон. Андыктан, анын атын Кыргыз улуттук илимдер академиясы алып жүрүшү жөндүү. Биздин мамлекет ЮНЕСКО уюмуна, түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларына кайрылып, дүйнөлүк деңгээлде жаңылык ачкан, адамзатка бөтөнчө кызмат өтөгөн атуулдарга эл аралык Айтматов сыйлыгын уюштуруп, ыйгарып туруу жагын макулдашса болот. Анын акчалай байгесинин ордуна кыргыз алтынынан куюлуп, автордун элеси түшүрүлгөн төш белгисинен башка да улуттук сый тартуу: кыргыз алтынынан уютулган тайтуяк, ажайып жасалган алты канат ак өргөө, ат жабдыгы менен жасалгаланган ак тулпар жана алтын мукабалуу «Манас» дастаны тапшырылса. Ошондо көчмөн элдин көрүнүктүү уул-кыздарынын даңкы, элдин көөнөрбөс салты, көркөм табит-наркы, албан акыл-парасаты адамзатка айгине болмок…

Бул ойлорду маркумдун мураскорлору жана Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесин өткөрүүнү уюштуруу боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия ылайыгына жараша эске алат деп ойлойбуз.

Айтматов артына өкүттүү жоготууну, өксүгөн кайгыны гана эмес, ушундай бир жалпы элдик улуу биримдикти, шыктанган умтулууну, толгонгон ичик дымакты козгоп кетти. Мындан ары кыргыздын ар бир ар-намыстуу кулуну белди бекем бууп, адамзат көчүнө батыл аралашууга умтулуусу керек. Айтматов бизге адам кудуретинин улуулугун, ал талпынар бийиктиктин сересин, өрнөктүү өмүрдүн үлгүсүн таштап кетти. Ал – элге, мекенге, адамзатка уул катары да, устат катары да кызмат өтөөнүн өлбөс-өчпөс өрнөгүн көрсөтүп кетти. Өкүнүчтүү эсеси, жоготуунун жеңиши мына ушунда!

Айтматов үзүлгөн саатта дүйнөдө да, өзүбүздө да канчалаган наристелер жарыкка келди. Айтматовдун түбөлүктүүлүгү – артында анын изин уланткан, андан кем эмес улуу сүрөткердин жаралмагында, анын өлбөстүгү – алдыда анын чыгармаларын жандай сүйүп окуган окурман журтунун дайым болуп турмагында!

Тоо кулады… Ырас. Лекин, тоо океандын түпкүрүнөн башталарын унутпайлы. Ал тереңден көтөрүлүп, бийикке умтулат. Океан – эл. Эл – түбөлүктүү. Эл тирүү турса, тоо жаралмагы да чын. Биздин көңүл жубатарыбыз да ушу…

 

 

Сабыр ИПТАРОВ: Кыргыздын энчиси – Эмгек, эргүүсү – Өнөр

Адам болуп жарыкка келген соң, «кара жанды багуу», «эл катары күн көрүү» – моюндагы парз. Бирок бул абал адамды алымсындырбай, аны андан да бийик, анданда асыл мүдөө куштарланткан кезең болот. Ал дымак адам жашоосун аруулантып, ажарлантып, адам көөнүн тазартып, көңүлүн көкөлөтүшү да, же анын турмушун азапка айландырып, түгөнбөс түйшүккө салышы да мүмкүн.

Мына ушундай адамдык абыгер өмүр кечирүүнүн ар түрдүү деңгээлин кыргыз дүйнө таанымы «эмгек» жана «өнөр» деген эки түшүнүк менен аныктаган. Анын биринчисинин мааниси «жумуш», «түйшүк», «аракет» деген түшүнүктөргө жакын болсо, экинчисиники «кызмат», «иш», «чыгармачылык» деген түшүнүктөргө үндөш. «Өн» деген этиш сөздөн жасалган «өнөр» кыргыз түшүнүгүндө адамдын эргиген ички дымагы менен коштолгон түзүүчүлүк, чыгармачылык ишмердигин туюнтат («Өнөрүң болсо, өргө чап»).

Өнүү – ички күчтүн аркасында гана ишке ашуучу натыйжа. Эгер данектин, үрөндүн ичи көңдөй болсо, ал эч качан өнбөйт. Ошол сыңары, адамдын жан дүйнөсүнүн байманасы – мындагы башкы шарт.

«Өндүрүш», «өнүм», «өнүгүү» сыяктуу сапаттык натыйжаны туюнткан кубулуштардын бардыгы – мына ушул ички күчтүн, чыгармачылык эргүүнүн үзүрү. Өнөр (өн+өр) – адамдын ички дымагынан тамырлап өнүп чыгып, анын рухий керектөөсүн канааттандырып, сапаттык натыйжаны жаратууга багытталып, өрдү көздөй умтулган түзүүчүлүк ишмердиги. Ошондуктан, «Өнөрлүү – өлбөйт».

Ал эми өнөрдүн төрөсү – тил «Өнөр алды – кызыл тил». Жөнөкөй тил эмес, кызыл тил: 1. Көркөм, кооз; 2. Таптуу, таасирдүү; 3. Таасын, таамай; 4. Бышкан, жетилген тил. Бул белгилер сөз өнөрүнүн табиятын ар кандай өңүттөн аныктоо менен, анын универсалдуу мүнөзүн да сыпаттап турат.

Мындан, өнөр – искусство тармагына гана таандык көрүнүш деген тыянак келип чыкпаш керек. Акыйкатта, кандай гана болбосун, «энчиленген жумушту» ынтаа коюп аткарып, ага берилип, чыгармачылык менен мамиле жасоо аркылуу аны «эргиген ишке» айландырууга, башкача айтканда, «турмушту» «жашоого» өзгөртүүгө болорун далилдеп отуруунун кажети деле жоктур.

Элдик түшүнүктө өнөрдүн сыңары – эмгек. Аны адамга абалтан энчиленген, көбүнчө кара күчтү колдонуу аркылуу өзүнүн биологиялык талабын канааттандырууга багытталган түйшүктүү аракети катары сыпаттаса болот («Эмгектүү кулда чарчоо жок»). Асыресе, «Манаста» мындай деп айтылат:

«Энем дээрсиң барарсың,
Эмгекке башың саларсың.
Атам дээрсиң барарсың,
Азапка башың саларсың».

Эмгек – «эм» деген этиштик уңгудан жасалган түшүнүк. Эмүү – бардык эле сүт эмүүчү жаныбарларга, анын ичинде адамга да мүнөздүү табигый касиет. Мисалы, эмчек (эм+чек) – сүт эме турган жер деген маанини билдирет. Бул уңгудан жаралган түшүнүктөргө көбүнчө сапаттык эмес, сандык натыйжаны туюнткан көрүнүштөрдү сыпаттоо мүнөздүү. Мисалы, эмгек (труд) маанисинде кара жумушту, башкача айтканда, акыл ишмердигин анча талап кылбаган, бир түрдүү, улам кайталанма иш-аракетти туюнтат.

Орус тилинде деле бул түшүнүк «тереть» деген этиш сөздөн жасалып, механикалык кыймыл-аракетти сыпаттап турат. Ушундан улам бир кездеги советтик педагогиканын көркөм өрнөгү болгон «Мойдодыр» (Мой до дыр – тешилгиче жыша бер), «Айболит» (Ай, болит – «кокуйлап» онтой бер) адамдын коомдук маңызын эмнеден көрүп, таалим-тарбияда аны ишмердиктин кайсы түрүнө көбүрөк нускаганы түшүнүктүү болот. Себеби, эмгек эрежени, тартипти, тактыкты талап кылса, өнөр эркиндикти, чыгармачылыкты, купуялыкты сүйөт.

Кыргыздар жаныбар сыяктуу төрт аяктап жүргөн жаш баланы «эмгектеп жүрөт» деп коюшат. Анын маңдайындагы бир жашка толгуча тамырдын кагышын кайталап, бир калыпта былкылдап турган жерин да «баланын эмгеги» дешет. Калыбынан жазбай иштеген бул биологиялык механизм баланын мээнети, түйшүгү деп түшүнүлүп, ал эми 1 жашка чыккан, «эмгеги каткан» бала эс-акылы кирген, бутуна турган, түйшүктөн арылган катары түшүнүлөт.

Бай Жакып бала Манасты Ошпурга бергенде: «Муну эмгекке үйрөт, мал бакканды билсин», – дебей, «Сөөгү бышып катыксын, сөз айтууга жатыксын», – деп табыштайт. Бул жагдай биздин идеологиялык ураандарыбызда, өзгөчө педагогикалык нускоолорубузда жаштарды ишмердиктин кайсы түрүнө багыттап, адамды коомго канча эмес, кандай салым кошконуна жараша баалоо зарылдыгын таасын нускап турат. Себеби, кыргыз дүйнө таанымына: «Адамды адам кылган – эмгек» деп, аны көбүнчө жумушчу күчү катары санаган көз карашка караганда, «Жигитке 70 өнөр аздык кылат» деп, анын ички мүмкүнчүлүгүнүн чексиздигине ишеним артып, чыгармачылык жөндөмүн артык баалаган акыл тыянагы мүнөздүү. Андыктан, адам бакытынын булагы – эмгек менен эрегишкен күрөштө эмес, эркин ойлоп, өзүндөгү өнөр сырын ачуу үчүн өзүн өргө сүрөштө…

 

Сабыр ИПТАРОВ: Кыргыздын башаты – Мекен

«Топурактан жаралганбыз, топуракка барабыз» деген элдик түшүнүктүн төркүнү эл тамыры менен жер тамыры киндиктеш экендигин шоораттап турат. Кыргыз баласы туулган жерин ата мекеним, ата журтум, ата конушум деп, жердин ээсин аталар деп түшүнгөн. Ошондуктан, уул балдарда мекенди, эл-жерди коргоочулук сапаттар тарбияланган. Жоокерчилик замандарда элибиз маркумдардын сөөгүн бөтөн жерге калтырбай, өз жерине алып келип жашырышчу экен («Өгүздүн (огуздун) өлгөн жерине өкүр»). Айылдан узап баратканда же ага келатканда адегенде арбактарды эсте деп, мүрзөнү айылдын кире беришине, же секиге, көрүнүктүү жерге коюшчу экен.

Эгер азыр ата-бабалардын абалкы салтын сактап, атамекенибизге болгон аруу мамилени кайра калыбына келтирели десек, анда алгач ишти ошол ата-бабалар жаткан жайларды, көрүстөндөрдү иретке келтирүүдөн, аларга аздектүү мамиле жасоону калыптандыруудан башташыбыз керек. Мекенди сүйүү адамды сүйүүдөн башталат.

Кыргызда «жер» түшүнүгү «дене» түшүнүгү менен маанилеш. «Мобул жерим ооруп турат» – деп, денесин көрсөтүп сүйлөйт кыргыз. «Сен ооруба, мен ооруюн, Ата журт!» – деп ыр жазат акын. Демек, «жер сатуу» түшүнүгү денесин сатуу түшүнүгү менен барабар. «Эл башы болгончо, суу башы бол» деп тоо таянып, булак көзүн, өзөн башын байырлаган элибиз.

Кийинки учурларда мындай бир икая көп айтылып келет: «Жараткан улуттарга жер бөлүштүрүп жатканда кыргыз уктап калып кечигип барса, аргасы түгөнгөн Эгебиз ага өзүнүн сейилбагына (дачасына) деп сактап койгон бейиштей жерди берүүгө аргасыз болуптур». Арийне, жергесин кандай сыпаттап айтса, ар элдин өз эрки деңизчи. Бирок ошол эл өзүнүн алган энчисине анын ээсиндей жоопкер, сарамжал, камкор эмес, убактылуу, сейилбактын (дачанын) тургунундай салкын мамиле жасап жатканы тынчсыздантат.

«Кыргызстан – туризмдин өлкөсү» деген ураан барган сайын байма-бай жардалып, мекенибиздин эң аялуу, эң асыл, эң кооз жерлери, көлдөрү, төрлөрү акча табуунун каражатына, коноктордун көңүл ачуучу жайларына, өзүбүз кире алгыс тосмолорго айланып бараткандыгы кабатырлантат.

«Жер – кудайдын супарасы» деген кеп бар. Демек, мекен – койнуна ырыскы-насип толтуруп, кутман жериңердин кутун учурбай, кунарын качырбай, турпатын бузбай, жандыгын жабыркатпай сактап жүргүлө деп бизге ишенип берилген аялуу аманат белек. Ага саясатты аралаштыруу опурталдуу.

Мекендин кадырын арттырам деп, өткөн бийлик «Жети осуятта» табият менен таттуу мамиледе бололу деген идеяны ойлоп тапкан. Таттуу мамиле – теңата адамдардын ортосунда болчу асылкечтик мамиле. Табият менен эч качан теңата боло албайсың, ал биздин атабыз, энебиз, аны кастарлоо, аздектөө керек. Андыктан, жергебиздеги сырдуу, аяндуу, касиеттүү деген жерлерге текебер мамиле кылбай, мамлекеттик, жалпы элдик камкордукка алып, көздүн карегиндей калкалап, сакташыбыз керек. Алардын баары тебелеп-тепселип, иштетилип, пайда табуунун булагына айланып кетсе, Кудайдын каарына калабыз.

«Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы». Ааламда бардык нерсе кубулуп, өзгөрүп, өрчүп турат. Биягы Алтайга, тиягы Каңгайга, ары жагы Эренге, бери жагы Тереңге тараган элибиз ар жердин өңүтүн билип, абал-шартына ылайык ат берип, анда өз изин калтырып келген. Айкөл Манас атабыздын эле аты дүйнөнүн отуздан ашык тилинде кездешип, алардагы жер, суу, көл, тоо, шаар аттарына коюлушунун өзү эле көп нерседен кабар берип турбайбы.

Илимде жер иштетүү – маданияттын башаты деп каралат. Бирок «культура» деген грек сөзүнүн уңгусу «культ» – ыйык, сыйын, аздекте деген маанилерди билдирет. «Сыйынары болбосо, асты адам жарыбайт», – деген даанышман таалимчи Нурмолдо. Тоону кыргыз баласы бөтөнчө сүйүп, аздектейт («Карааныңдан кагылайын Ала-Тоо…»).

Анын эң асыл жерин төр дейт: Кара-Төр, Салкын-Төр, Көл-Төр, Кум-Төр… Табияттын денеси жазыла баштаганда жаздоодо, жайыла баштаганда жайлоодо, күүлөнө баштаганда күздөөдө, үргүлөй баштаганда кыштоодо, жылдын төрт мезгилинде тоо койнунда – жердин төрүндө – топуктуу өмүр кечирип келген кыргыз баласы. Төргө (тоого) чыкканда көңүлүң көкөлөп, бийикке умтуласың. Төмөндөгү нерселер майда-барат, өтөр-кетер экендигин сезесиң…

 

Сабыр ИПТАРОВ: Кыргыздын адеби – Жөндүүлүк

Ааламдашуу доорунда ар бир эл өз нарк-сөөлөтүн өксүтпөй сактап калышы үчүн, оболу, өзүнүн барк-дөөлөттөрүн терең аңдап-таанып, алардын жаралуу жана калыптануу жолунун мыйзам ченемдүүлүктөрүн кылдат өздөштүрүп, алардын өрүштүү көрүнүштөрүн күнүмдүк жашоо-турмушунда кеңири колдоно билиши зарыл. Мында адептик асылнарктардын тарыхын жана табиятын маданий өңүттө таанып-билүүгө бөтөнчө орун таандык.

Адатта, маданиятты коомдогу көркөм кунары бийик, эмоциялык таасири күчтүү рухий жана материалдык дөөлөттөрдү жаратуу, сактоо, өздөштүрүү жана жайылтуу системасы катары карашат. Тарыхый-маданий өңүттөн алганда, тигил же бул дөөлөттүн жаралышы коомдук талап менен аныкталат. Талап кандай болсо, товар ошондой болгон сыңары, маданияттын тиби адамдын тибин калыптайт. Андыктан, элдин адеп маданияты тууралуу сөз кылганда биз аны рухий-адептик дөөлөттөрдү жаратуу, өздөштүрүү, жайылтуу жана сактоо «өндүрүшү» катары комплекстүү карашыбыз керек.

Бул төрт салаа өз ара ширелишип, шайкештикти түзгөндө гана тигил же бул «маданий-адептик модель» өз олутунда сакталып, адамдарга жана коомго астейдил кызмат өтөйт. Бул мааниде, адамдын өзүн уникалдуу маданий таберик десе болот. Себеби, ар бир адам – элдик маданият менен анын адептик аракет-дымагынын үзүрү жана күзгүсү.

Маданият араб тилинде «көркөм», «кооз» деген маанилерди билдирет. Эне тилибиздеги «жөн» деген чулу, төл сөз кыйла даражада анын илимий маанисине жакындап келет.

Жөн: 1. Эреже, тартип; 2. Багыт, жол; 3. Туура, ылайык; 4. Тим, тынч ж. б. маанилерди билдирет. Андан «жөндөм», «жөндүү», «жөнөкөй» деген көптөгөн маданияттык түшүнүктөр жаралат.

Жөндүүлүк, жөн билгилик, жөнү менен болуу – кыргыздын негизги адептик эрежеси болгон. Жөндүүлүк – кубулуштун ички табиятына мүнөздүү көрүнүш. Бардык нерсе өз жөнү менен жашайт. Жөн – эч өзгөрбөс мыйзам да эмес, улам өзгөрмө каада да эмес, ал – мезгил менен мейкиндикке шайкеш, коом аныктаган туура, орундуу, ылайык иштин тартип-эрежеси, багыт-жолу. Адамдар канчалык жөндүү иш кылса, анын майнабы ошончолук орундуу болот («Адат – адат эмес, жөн – адат»).

Кыргыз эли өзүнүн сан кылымдык тарыхында ушундай адеп жөнүнө байланыштуу не бир көз кайкыган көрөсөн үлгүлөрдү жаратып, сактап, өнүктүрүп-өрчүтүп, укумдан-тукумга калтырып келген. Арийне, адам баласынын эң абалкы адептик мүдөөсүнүн бири – өз тукумун улап, аны калкалап сактоо болсо, соңу келип ар бир адамдын өзүнөн өзүн жасоосу, атадан балага, энеден кызга, улуудан кичүүгө адамча жашоонун өрнөгүн таалимдеп калтыруу маанилүү болгон.

Коомдун өрчүп-өнүгүшү менен элдин адептик байманасы да улам тереңдеп, байып келе берген. Тилекке каршы, биз бүгүн алардын көбүнүн төркүнүн, түпкү сырын ачык биле бербейбиз. Ошентсе да, алар эл ичинде кеңири сакталып, адамдын адам болушуна астейдил кызмат аткарып келе жатат.

I. Кыргыз адеп маданиятынын жаралуу мезгилдерин болжолдуу төмөндөгүдөй доорлорго бөлсө болот. Абалкы көөнө кыргыз адеп маданияты өз ичине байыркы замандардан баштап б. з. IV кылымга чейинки мезгилди камтыйт. Аны теңирчилик доору деп да аташат. Бул учурда адамдын табиятка болгон кастарлуу мамилеси өтө бийик даражада болуп, экологиялык адеп жөнү калыптанган. Эл ичинде азыркы күнгө чейин бекем сакталган: малды теппе, күлдү баспа, отко түкүрбө, эшикти кулачтаба, үйдө ышкырба, караңгыда сууга барба, чөптү кордобо, жаныбардын уюгун бузбадеген сыяктуу адам турмушунун көп жагына так кесер тыюу салган турмуштук ырым-жырымдар, ар түрдүү жаратылыш кубулуштарына, буюм-тайымдарга, ыйык жайларга сыйынуу сыяктуу ишенимдер – мына ушул доордун адептик үлгүлөрү.

Орто кылымдардын (Манас доорунун) адеп маданияты V-ХIII кылымдарды камтып, бул доор улуу Кыргыз дөөлөтү өкүм сүргөн мезгилдерге туура келет. Бул учурда Эне-Сай, Миң-Өзөн, Сибирь аймактарын мекендеген кыргыз уруулары адептик маданияттын көөнөрбөс үлгүлөрүн жараткан.

Бөтөнчө баатырдыкты, антка, шертке бекемдикти, мекенге берилгендикти, күжүрмөндүктү, эр оюндарын, эрдикти, каармандыкты даңктаган адептик дөөлөттөр – ушул доордун мурасы («Эр жигит эл четинде, жоо бетинде», «Жаздыктан өлгөн жаман ат, жоодон өлгөн салтанат», «Баш канжыгада, кан көөкөрдө»).

Мусулманчылык адеп маданиятынын доору ислам дининин таасири кеңири тараган XIV-XVIII кылымдарды камтыйт. Бул учурда диний эрежелер негизги адептик талаптардан болуп, алар элдин каада-салт, үрп-адатына, жашоо-тиричилигине кеңири сиңип, күндөлүк жашоо турмуштун адептик жол-жобосуна айланган («Бу дүйнө жалган, тиги дүйнө чын», «Берген да Кудай, алган да Кудай», «Кудайды көзүң менен көрбөсөң да, көкүрөгүң менен тааны»).

XIХ-XX кылымдарда кыргыздардын коңшу элдер жана Россия менен алакасы арткан, отурукташуу, кыштак, шаар куруу, мектеп ачуу, коллективдүү таалим-тарбия усулу өрчүгөн доор катары мүнөздөлөт. Бөтөнчө революциядан кийин теориялык педагогиканын даражасы бийиктеп, коомдук жана жекече практиканын ролу төмөндөп, руханий, моралдык дөөлөттөрдү саясый, идеологиялык түшүнүктөр алмаштырган.

Бул учурда адептик дөөлөттөр ашкере таптык, атеисттик мүнөзгө ээ болгон («Партия – биздин доордун акылы, ар-намысы жана абийири», «Дин – элдин башын айландыруучу апийим»).

Эгемендик доордун адеп маданияты XX кылымдын аягынан тартып азыркы учурга чейинки мезгилди камтып, эл өзүнүн адептик турмушунда жаңыча, өтө карама-каршылыктуу доорду башынан кечирүүдө. Бул учурда, бир жагынан элдин тарыхый акыл-эсинде бекем тамырлаган адептик дөөлөт-мурастар жанданып, улуттук нарк-сезим ургаалдашып жатса, экинчи жагынан, жаңы заман алып келген терс адептик үлгүлөрдүн эпкини шардана жүрүүдө. Андыктан, азыркы доордун адептик маңызын кайсы дөөлөттөр менен түшүнүктөр аныктайт, муну келечек көрсөтөт.

II. Рухий-адептик дөөлөттөрдү өздөштүрүү адам тарбиясы, ата-эне тарбиясы, ага-тууган тарбиясы, эл тарбиясы сыяктуу институттар тарабынан жүзөгө ашырылган. Адам тарбиясы «Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар» деген адептик осуятка негизделип, ар бир адамдын кайталангыс касиетине жана мүмкүнчүлүгүнө басым жасалган. Адам өмүрү кандан тамырлап, тектен азыктанып, ата-бабалардын рухий-психологиялык, биогенетикалык жана социопедагогикалык байманасынын таасиринде болору эске алынган: «Аккан арыктан суу агат», «Алма сабагынан алыс түшпөйт». Ошону менен бирге эле «Адам болуу аста-аста» экендиги эскертилип, «Өз акылың – өзөк менен тамыр, киши акылы – кишен менен тушоо» болору таалимденген.

Ата-эне тарбиясында адамдын кыз бала, эркек бала катары артыкча сапаттарын өнүктүрүүгө, улуу-кичүү, алыс-жакын алака-мамилесинин жол-жобосун аңдай жана аткара билүүгө, үй-бүлөлүк дөөлөттөрдү, психоэмоционалдык сезимдерди тарбиялоого басым жасалган. «Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат», «Улууга урмат, кичүүгө ызаат» адептик жоболору үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бирине өз-өзүнчө талап коюп, адамдын муундар сабындагы данакерлик ордун так аныктап, атуулдук-мураскерлик сапаттардын калыптанышына шарт түзгөн.

Ага-тууган тарбиясы аркылуу адамдын жарандык, моралдык-этикалык сапаттары калыптанып, башкы көңүл ар-намыс, туугандык ынтымак, биримдик сезимдерин бекемдөөгө бурулган. «Дос жакшы, миң достон бир тамыр, миң тамырдан бир сөөк, миң сөөктөн бир жаман тууган артык», «Туугандын азары болсо да, безери болбойт» деген адептик нускалар адамды белгилүү бир туугандык-жамааттык топтун жүгүн көтөрүүгө тарбиялап, келечектеги олуттуу жаңыча инсандык, социалдык милдеттерди аткарууга даярдаган.

Тилекке каршы, кийинки учурларда тарбиянын бул түрүнүн милдетин мектеп, көбүнчө идеологиялашкан коомдук уюмдар аткарып, ал өзүнүн ички мүмкүнчүлүгүн толук ача албай, атүгүл, кээде турмушка каршы келген көрүнүш катары четке сүрүлүп келүүдө. Адамдын атуулдук жетилүүсүндө баа жеткис мааниге ээ болгон коомдук-адептик институттун табиятын терең иликтеп, анын өрнөктүү, өрүштүү көрүнүштөрүн орундуу колдонуу – бүгүнкү күндүн орчундуу талабы («Өсөр өзүн сыйлайт, өспөс жатын сыйлайт, өзүңдү жаттай сыйла, жат жанынан түңүлсүн»).

Эл тарбиясы – кыргыз адеп маданиятындагы эң бийик руханий-маданий дөөлөт. Эл уулу, эл кызы болуу, элдик адам наамына конуу – адам жашоосунун маңызын аныктаган эң башкы асылдыктардын бири. Анда элдин албан акыл-ою, дүйнө таанымы, максат-мүдөөсү толук чагылып, таалим-тарбиялык маданиятынын улуттук модели таасын иштелип чыккан. Этнопедагогикалык изилдөөлөр элдик тарбиянын баа жеткис мүмкүнчүлүгүн жана ички күч-кубатын улам айкын далилдөөдө.

III. Элдин адеп маданиятын жайылтуу акын-ырчылар, уста-уздар, саяпкер-мүнүшкөрлөр сыяктуу өнөр адамдарынын энчисине тийген. Алар өз өнөрү аркылуу «Устадан шакирт өтөт» адептик эрежеси боюнча өзүнөн мыкты шакирт даярдоого умтулушкан. Адамдын коомдогу орду анын жекече чеберчилиги менен ченелген («Өнөрлүү – өлбөйт», «Чымчыкты сойсо да, касап сойсун»). Адептик дөөлөттөрдү кеңири жайылтууда элдик жыйындардын, той-топурлардын, турмуштук ар түрдүү жөрөлгөлөрдүн ролу өтө зор болгон.

  1. Адептик дөөлөттөрдү сактоо – элдик маданияттагы маанилүү талаптардын бири. Эл өзүнүн адептик көз карашын таш бетинде да (Орхон-Энесай жазмалары), жер, суу аттарында да, адам ысымдарында да, көркөм сөз берметтеринде да, көөнөрбөс каада-салт, ырасым-жөрөлгөлөрдө да сактап келген. Алардын жердиги бузулбай, таза сакталышына жалпы элдик көзөмөл, камкордук күчтүү болуп, мезгилге ылайык өнүктүрүп, жаңылап, башкача айтканда, жөнгө салып турууга мүмкүндүк түзүлгөн.

Ошондон улам алардын адепки кайталангыс жалпы адамзаттык терең маңызы жана улуттук бөтөнчөлүгү көөнөрбөй, бүгүнкү күнгө чейин сакталып келе жатат.

Айтылгандар элибиздин адеп маданиятынын тарыхы канчалык бай, табияты канчалык көп кырдуу экендигин таасын тастыктап турат. Андыктан, элдин адеп маданиятын жаратуу, өздөштүрүү, жайылтуу жана сактоо жагын толук камтыган комплекстүү Улуттук программа иштеп чыгуу – күн тартибинде күйүп турган маселе!

Ал эми төмөндөгү төрт көйгөй анын ар бир багытынын көч башында турган иштерге кирет:

– Адамдын аты-жөнүн айтуу, жазуунун улуттук бирдиктүү үлгүсүн иштеп чыгуу (жаратуу);

– Таалим-тарбия ишин этнопедагогикалык негизде уюштуруу жана алып баруу (өздөштүрүү);

– Элдин адеп маданиятынын антологиясын түзүү (жайылтуу);

– Элдик педагогиканын улуттук музейин ачуу (сактоо)…