Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын башаты – Мекен

«Топурактан жаралганбыз, топуракка барабыз» деген элдик түшүнүктүн төркүнү эл тамыры менен жер тамыры киндиктеш экендигин шоораттап турат. Кыргыз баласы туулган жерин ата мекеним, ата журтум, ата конушум деп, жердин ээсин аталар деп түшүнгөн. Ошондуктан, уул балдарда мекенди, эл-жерди коргоочулук сапаттар тарбияланган. Жоокерчилик замандарда элибиз маркумдардын сөөгүн бөтөн жерге калтырбай, өз жерине алып келип жашырышчу экен («Өгүздүн (огуздун) өлгөн жерине өкүр»). Айылдан узап баратканда же ага келатканда адегенде арбактарды эсте деп, мүрзөнү айылдын кире беришине, же секиге, көрүнүктүү жерге коюшчу экен. […]