Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын арманы – Күү, арзуусу – Обон

Элибизде «Күүнүн башы – Камбаркан» деген уламыш айтылат: «Бир күнү Камбаркан аттуу адам тоо-таш кезип, аңчылык кылып жүрүп, чарчагандан бир дарактын түбүнө келип дем алып отурат. Бир маалда ал кандайдыр бир жагымдуу добушту эшитет. Айланасын караса, эч ким жок. Жагымдуу добуш бирде кубулжуп, бирде дирилдеп, бирде катуулап, кайра басайып, аңчынын сезимин кытыгылайт. Акыры добуш чыккан жакты боолголоп отуруп, ал добуш дарактын бийик бутагында илинип турган, кургап калган ичегинин желге термелген кыймылынан чыгып жатканын баамдайт. Ошентип, бул окуя комуздун жаралышына себеп […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын адеби – Жөндүүлүк

Ааламдашуу доорунда ар бир эл өз нарк-сөөлөтүн өксүтпөй сактап калышы үчүн, оболу, өзүнүн барк-дөөлөттөрүн терең аңдап-таанып, алардын жаралуу жана калыптануу жолунун мыйзам ченемдүүлүктөрүн кылдат өздөштүрүп, алардын өрүштүү көрүнүштөрүн күнүмдүк жашоо-турмушунда кеңири колдоно билиши зарыл. Мында адептик асылнарктардын тарыхын жана табиятын маданий өңүттө таанып-билүүгө бөтөнчө орун таандык. Адатта, маданиятты коомдогу көркөм кунары бийик, эмоциялык таасири күчтүү рухий жана материалдык дөөлөттөрдү жаратуу, сактоо, өздөштүрүү жана жайылтуу системасы катары карашат. Тарыхый-маданий өңүттөн алганда, тигил же бул дөөлөттүн жаралышы коомдук талап менен аныкталат. Талап […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын булагы – Билим, чырагы – Илим

Илим-билим – таанып-билүүнүн тамырлаш эки салаасы. Бири жаңы маалыматты жаратуу ыкмасын билдирсе, экинчиси ошол маалыматтын натыйжасын туюнтат. Адатта бул түшүнүктөрдү араб тилинен кирген сөздөр катары кабылдап келебиз. Акыйкатта алар эне тилибиздеги «бил», «ил» деген этиш сөздөрдөн -ым мүчөсү аркылуу жасалган эле зат атооч сөздөр: ал+ым, сал+ым ж. б. сыяктуу. Кыргыз тили улама (агглютинативдүү) тил катары уңгуга мүчө уланып, жаңы сөздөр жасалуучу касиетке ээ. Мисалы, «бил» деген уңгу сөздөн жасалган түшүнүктөрдүн баарына аң (акыл) күчү (когнитивдүүлүк), ал эми «ил» деген сөздөн […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын саламы ‒ «Арыбаңыз», алиги ‒  «Бар болуңуз»

Салам-алик  ‒  адам баласынын ортосундагы алака-мамилени туюнткан өтө байыркы жөрөлгөлөрдүн бири. Абалкы адамдар үчүн жарыкка келген наристенин «аа» деп чыгарган үнү анын амандыгын билгизип, айланадагыларды ага жооп кайтарууга («бу») түрткөн. Балким, алака-мамиле, суроо-жоопту билдирген «а-бу» деген сөз ошондон калса керек. «Ал-бул», «а+ны-бу+ну (муну)», «а+ры-бе+ри» деген кош сөздөр да дал ушул бирдиктүү мамиленин үзүрү сыяктуу. Көптөгөн дүйнө элдеринин алфавитинде «а», «б» тыбыштары удаалаш турганы да кызык. Сыягы, «а» дегенде сөз (суроо), «бу» дегенде кеп (жооп) – диалог болгон өңдөнөт. Абалкы маалыматтарда […]

Сабыр ИПТАРУУЛУ: Кыргыздын байрагы – Кызыл туу

Ак асаба, кызыл туу, Айгайлаган ызы-чуу. Көк асаба, кызыл туу, Көк жаңырган ызы-чуу. («Манастан») Байыртан эле кыргыздын ар бир ханы өз туусун, урук-уруусу өз желегин, кол-кошуну өз асабасын көтөрүп, алар ар кандай: кызыл, ак, көк ж. б. түстө болгон. Манас бабабыздын колуна да ата-бабасынан келе жаткан кызыл туу мурас болуп тийгендиги жөнүндө эпосто бир нече ирет эскертилет: «Ногойдон калган кызыл туу Оболотуп аштады, Тойду Жакып баштады». Убагында айкөл Манас атабыз мына ушул туунун алдына чабылып-чачылган, кырк уруулуу кыргызды жыйнап, Евразия […]

Сабыр ИПТАРУУЛУ: Кыргыздын аздеги – Ат

Кыргыз элинде адам акылын чымыраткан бир табышмак айтылат: «Жаратканга жабышкан. Бул эмне?» Соболдун жандырмагы ат (ысым) деп чечмеленет. Демек, дүйнө ат алган (аталган) зат. Атсыз зат, затсыз ат болбойт. Ат – заттын маңызын билдирсе, зат – ошол маңыздын таризин сыпаттайт. Ат менен заттын, мазмун менен форманын төптүгү («Атына заты жарашуу») – төгөрөгү төптүктүн, абсолюттуу гармониянын символу. Жаманатты (жаман аттуу) болуу бүтүндүн бүлүнүшүн, толуктун чайпалышын билдирет. Ошондуктан, эл ичинде «Атын атаса, куту сүйүнөт», «Жакшы деген бир ат бар кууса жеткис, жаман […]

Сабыр ИПТАРУУЛУ: Кыргыздын байлыгы – Сөз

Сөз баласы адам баласы менен жашташ. Адегенде («А» дегенде) сөз болгон. Бардык нерсенин башаты (баш аты) болгон сыңары, «Өңгөнү коюп, Манасты айт» деп кыргыздар сөз атасы «Манастан» баштайт. Адам урпагы тургузган сөз мунарасы – ошол «Манас» жомогу да «Мурункулардан калган сөз» деп башталат. Сөз өнөрү, рухий башат бардык эле элдерде ар убак бийик, асыл нарк катары кастарланып келет. Асыресе, дүйнөдө сөзгө жардымын деген калк жок. Бирок ага төр берген эл чанда. Кыргыздар – ошолордун бири. «Өнөр алды – кызыл тил», […]

Сабыр ИПТАРУУЛУ: Кыргыздын бийиги – Адам

Дүйнө тааным окууларында адегенде («А» дегенде) жаратылыш жаралган, андан адам төрөлгөн, анан коом курулган. Адам – бул экөөнүн данакери. Демек, табият менен коомду таанып-билүү адамдан башталып, адамдан бүтүш керек. Ошондуктан, Адам «улуу» деп табияттын мыйзамын урматтап, «кичүү» деп коомдун эрежесин сыйлашы парз. Кыргыз баласы «ушул жерим», «бул жериме» деп денесин көрсөтүп сүйлөйт. Жер менен адамдын денеси киндиктеш, тамыры бир. Адам төрөлгөндө өзүнүн атын оозанат: (аа-а) А-дам. Кыргыз наристелеринин тили да ушул тыбыштан баштап чыгат: «Ата» (ат берет), «А-па» («ап» – […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын жан-дүйнөсү

Ыйыгы – Жараткан Бийиги – Адам Байлыгы – Сөз Башаты – Мекен Байрагы – Кызыл туу Аздеги – Ат Урааны – Манас Тиреги – Намыс Тилеги – Ыйман Батасы – «Өмүрлүү бол» Алкоосу – «Кем болбо» Каргышы – «Тукумуң соол» Урматы – Улуулук Ызааты – Кичүүлүк Парзы – Көз көрсөтүү Сырдашы – Дос Автордон Абалтан эле ар бир эл адам насилин сактоо, ар бир адам эл наркын барктоо абыгерчилигин чегип келет. Арыбас жашоо мыйзамы ушу. Ай-ааламдын Ээси Жараткандан кийинки адамдын […]