Индус эл жомогу: Кыкка катылган байлык

Илгери, илгери бир кан жашаган экен. Анын биринен бири өткөн акылдуу, эр жүрөк, нарктуу үч уулу болуптур. Ошентип жылдар өтүп кан карып, уулдары тетирисинче эр жетишкенде, бийлигин бир баласына өткөрүп берип, өзү тынч жашамакчы болот.  Бирок уулдарынын кимисине кандыгын беришти билбейт. Алардын үчөө тең кан тактысына татыктуу болгондуктан эмне кыларын билбей, кеңешчилери менен көпкө чейин акылдашып, акыры алардын айткандары боюнча уулдарына көп акча берип, чоочун жактарга бир жылга жиберип, сынап көрмөкчү болот. Ошентип канзаадалар аябай көп, бирок баары бирдей сандагы […]

Ренди ГЕЙДЖ: Сиз жаратуучунун белектеринин канчасын кабыл алууга даярсыз?

1-2-бөлүгү,  3-4-бөлүгү  5-6-бөлүгү 7-8-бөлүгү 9-Бөлүк Жакырчылык бул – күнөө деген оюн айтуу менен Чарльз Филлмор бир убакта көпчүлүктүн үрөйүн учурган эле. Бул көзкараш азыр да көпчүлүктү чочутуп чурат. Эгерде таза библия китебиндеги арамей жазмасынын  “күнөө” деген сөзүн түпнускадан өз тилибизге которо турган болсок ал “мүмкүнчүлүктөрүн кое берүү” дегенди билдирет. Ишеним жана Керемет күнөөнү сүйүүнүн жетишсизди деп аныктайт. Мен дагы толук кошулам, анткени, эгерде сиз  жакыр болсоңуз, көптөгөн кереметтүү мүмкүнчүлүктөрдү колуңуздан учурдуңуз деп эсептейм. Жакырчылыкта акча эле эмес, жандүйнөнүн руханий байлыгы […]

Ренди ГЕЙДЖ: Он пайыз үлүш

1-2-бөлүгү,  3-4-бөлүгү  5-6-бөлүгү 7-БӨЛҮК Жараткан өзүнө тиешелүү онунчу үлүштү кайрып алат Менин сиздерге бир сунушум бар, келиңиздер, элестетип көрөлү. Сиздерге American Express кредит картымды сиздин атыңызга жаздырып берейин. Сиз ал картты каалаган жериңизде, каалаган керектөөңүз үчүн, мүмкүн болгон жердин баарынан колдонуңуз. Эч кандай чектөө жок, баардыгын алыңыз. Жаңы кийим, мейли, авто-унаа, деги койчу баардыгын. Сиз керек болсо үй да сатып алсаңыз болот, эгерде ал карт менен төлөөгө болсо.  Бирок бир гана шарт менен… Ар ай сайын келип туруучу салык төлөө […]

Дилазык: Аял көтөргөн жаш кечил

(Буддизм икаяларынан) Кары жана жаш кечил сапарда бараткан. Алар жүргөн жол буркан-шаркан түшүп аккан, бирок көп деле жайык жана анча терең эмес өзөнгө барып такалат. Экөө дарыядан эми өткөнү жатканда тайыз кечүү издеп жүргөн жарашыктуу кийинген сулуу аял алардын жанына келет. Аял колундагы желпүүрүн желпигенде жылмайган жүзүндөгү бакыракай көздөрү бирде жумулуп, бирде ачылат. — Ой, суу аябай эле муздак, агымы да шар экен. Кокус суу тийсе, жибек кимономдун көркү бузулат. Кимдир бирөөңүздөр мени дарыядан көтөрүп өткөрүп койсоңуздар болобу? — деп […]

Дилазык: Биз жана Аалам

Бир падыша миллиондогон күзгүдөн турган заңгыраган аксарай салдырат. Бир күнү анын ичине кокустан бир жолбун ит кирип кетет. Жайнаган күзгүлөрдөн аны курчаган сансыз иттерди көрөт. Өзүнүн коопсуздугун сактап коеюн, аларды сестентип коеюн деген ниетте тигил иттерге ызырынып коет. Антсе, тигил иттер да ага ызырынат. Ал эми үнүн жоонурак чыгарып ызырынат да, кайра ошондой жооп угат. Өмүрү коркунучта экенин түшүнгөн ит чочуп, айласын таппай, жүнүн үрпөйтө болгон күчү менен үрө баштайт. Иттердин баары так өзүндөй жооп кылып үрүшөт. Катуулаган сайын, тигилер […]