Садык АЛАХАН: Казыбектин капастагы ырлары тууралуу

Казыбек казалчынын көркөм мурасын дыкаттап окуган адам биринчи кезекте таланттын тубасалыгын, ошондон улам ойдун тунуктугун байкап багат. Сүрөттөө объектисинин (түрмө, сүргүн) адаттан сырт бөтөнчөлүгү бул жерде ырчынын пайдасына чечилчү кошумча каражат катары эсептелинбейт. Биринчи кезекте, кайталап айтабыз, табият берген таланттын нукуралыгы менен бийиктиги гана ырчынын чыгармаларынын чыныгы нарк-насилин аныктап турчу касиет болуп эсептелинет. Муну Казыбек ырчы өзү да өтө жакшы сезген. Ошондуктан Алдым колго калемди Ак кагазды каралап, Алым келсе бир сөздү Айткым келет чамалап. Калк ичинде бир нуска Калса […]

Садык АЛАХАН: Казыбектин Сталинге ыр менен жазган каты тууралуу

Залкар казалчынын көркөм мурасынын ичинде анын Сталинге ыр менен жазган каты (айрым маалыматтарга караганда 44 барак) бөтөнчө бөлүнүп көрүнүп турат. Арийне, бул кат бизге толук бойдон келип жеткен жок, бирок колго тийген үзүндүсү деле аз эмес. Адабиятчы К.Эдилбаевдин жазганына көңүл бурсак, анда “…ал арызды өзү менен кошо камакта отурган, мурда райкомдо идеология боюнча катчы болуп иштеген Карабеков деген орусчаны суудай билген жигит которуп, эптеп жолун таап жөнөтүп ийишкен экен.” Бирок кат “бардык мезгилдердин жана бардык элдердин жол башчысынын” колуна тийген-тийбегени […]

Садык АЛАХАН: Адабиятчылардын агайы

*  *  * Өткөн кылымдын 50-60-жылдары төл адабиятыбыздын бардык жанрлары үчүн таланттуу, мээнеткеч жаш таланттар менен толукталуунун мезгили болгондугу бүгүн атпай журт мойнуна алчу айныксыз факт болуп калды. Көптөгөн жанрлардын катарында адабий көркөм сын да жаңы күчтөр, жаңы таланттар менен толукталып жатты. Улуттук адабий көркөм сындын пайдубалын түптөшкөн Токчоро Жолдошев менен Тазабек Саманчинден башка 20-30-40-жылдары сын макала жазгандардын дээрлик баарысы акын, жазуучулардын өздөрү болушуптур. Арийне, Жараткан жар болгон талант-дараметин проза же поэзия менен байланыштырган ал калемгерлердин сын макалаларга жасаган мамилелери […]

Садык АЛАХАН: Казыбектин замана жөнүнтөгү ырлары

Замана, заман көйгөйү жөнүндө Казыбек казалчы да бир топ жүрөк-жүлүнгө жетээрлик деңгээлде ырдап кетиптир. 1929-жыл Казыбектин өмүрүндөгү эң бурулуш жыл эле. Эгерде буга чейин капаздагы булбулдай болуп Жараткан берген шык-жөндөмү үнүнүн болушунча бийик чыкпай келип (анткени, атасы Мамбетимин уулунун эл алдында “дубана кейиптенип” ырдап жүрүшүнө катуу тыюу салып койгон болчу), эми гана эркиндик алып канатын кеңири жайып күүлөнөйүн деп турса, пенделик тагдыры минтип азаптуу бурулушка тушугуп, башына кайгы-муң түштү. Мындай окуя ырчынын бүт жан-дүйнөсүнө эбегейсиз катуу таасир этип, кечээги менен […]

Нурмолдонун айтыш ырлары (1-макала)

Унутулган жазгыч акындардын дээрлик баарысынын көркөм мурастарынан кеңири жолуккан жанр болуп айтыш ырлары эсептелет. Даашышман акын Нурмолдо эл чогулган чоң-чоң жыйындарда да, аш-тойлордо да журт алдына чыгып ар кандай деңгээлдеги акындар менен айтыш өнөрүнүн бардык түрүндө ат салышып келиптир. Колдо бар материалдарга көңүл бурчу болсок «Нурмолдо Кашмирден, ажыдан келгенде Анжиянда Алымбек датканын медресесинде кыпчак уламалары менен учурашканы», «Молдо Кыргыз медресесинде ыр», «Өлөңчүлөр Ташкендеги тойдо» деп аталган жана Эшкожо куудул, Мыса ырчы менен болгон айтыштары Нурмолдонун өмүр таржымалына байланыштуу материалдары менен […]