Каныбек ИМАНАЛИЕВ: Мамлекет өзөгүн билим, ден соолук, маданият кармап турат (2-маек)

<<<<<<<<<<<<<<Башы Дүйшөмамбет Орозалиев: Саке менен Каныбекке тиешелүү суроо бар. Биринчиден, мен сиздердин чыгармачылыкты абыдан сыйлайм. Каныбектин ырлары, карасөзү да сонун. Сакемдин болсо “Айтыш” фондун түптөп, кино жаратмандыгындагы ишмердигине абыдан сыйым бар. Эми ар бирибизде максат бар да, мисалы, менин бизнесимдин артында дагы бир максатым турат. Сиздердин парламентке келгендеги максатыңыздар эмне эле? Саясат сиздерди өз чыйыр жолуңуздардан чыгарып койгон жокпу? Садык Шер-Нияз: Мен бул жообум менен Атамбаевге да жаман көрүнгөм. Экөөбүз жакшы элек. Эмне үчүн саясатка келгенимдин чынын айта салып атпаймынбы. […]