Сагын АКМАТБЕКОВА: Калемдин айтканы (шедевр)

АҢГЕМЕ Көптөн бери үйүндө жалгыз. Күндө жазып отуруп жешилип, түгөнүп баратам. Түгөнгөн сайын учумду чыгарып учтап коет. Жазат. Кайрадан түгөнө баштайм. Менин түгөнгөнүмдөнбү же өзүнүн түгөнгөнүнөнбү, акыры таштап салат. Сары кагаздардын үстүнө. Ак кагаздарга сейрек жазат. Алар ардакталып текчеде. Машинканын жанында. Машинканы жаңы эле сатып алды. Сары кагаздар менен мен дайыма стол үстүндөбүз. Көбүнчө туш келди ташталып, чачылып жаткан болобуз. Кээ күндөрү таптакыр эле унутулуп калабыз. Ошондо өзүмдүн өткөн күндөрүмдү эскере баштайм. Калем боло электен мурда дарак болгонум эсиме түшөт. […]

Сагын АКМАТБЕКОВА: Жаз. Өрүк. Аял

АҢГЕМЕ Жаздын келгени Аял өрүктүн гүлдөгөнүнөн билет. Кош түп өрүк. Алар биринчи болуп гүлдөйт. Туруп-туруп эле гүлдөп кирет. Кабат-кабат кар, катар-катар туман кетери менен гүлдөйт. Дароо гүлдөйт. Аарылар да дароо пайда болот. Гүлдөн гүлгө конот. Керээлден кечке гүлдөр менен болушат. Ар жылы тумандап, тунжурап гүлдөйт. Алар гүлдөгөн учурда Аял да гүлдөп кеткенсийт. Көңүлү көккө учуп… өзү да жер менен баспай учуп жүргөнсүйт. Өрүктөр гүлдөп атканда башка бак-дарак жаңыдан ойгонуп, жаңыдан бүрдөп аткан болот. Жерге эми-эми гана көк чыга баштайт. Кай […]

Сагын АКМАТБЕКОВА: Жаңы парда

АҢГЕМЕ Кеч күздүн акыркы күндөрүндө, конок үйдүн терезесине илинген жаңы пардага, үйдө эч ким жокто, үйдөгү жыгач буюмдар минтип чуулдашты: “Сен бизге анча жарашпайт экенсиң. Ичибиз толо чамынды болсо да сыртыбыз кадимки жаңгак жыгачына окшоп турат. Боёкторубуз орду орду менен. А сен таптакыр эле башкача экенсиң. Жердигиң сары болуп, ага түшкөн гүлдөрүңдүн кара-күрөң болгону эмнеси? Тескерисинче болушу керек эле да. Жердигиң күрөң болуп, гүлдөрүң сары болсо жарашып эле калмаксың. Баарынан кызыгы – жалбырактарың да күрөң экен. Күрөң топурак эмеспи. Күрөң […]