Мезгил ИСАТОВ: Сагынганда

ЭССЕ Жылт этип жыл кетти, Жылдыз өчтү… Каршы-терши узанган көчөлөр. Ойлор сыяктуу карама-каршы. Баскан сайын, ойлонгон сайын адаштырат. Тиги көчөдөн бул көчөгө өтөм. Дагы башкасына. Көчөлөрдөн көчөгө жүгүрөм. Эски күндөрүмө келдим. Эски досторума… Артта калган жалгыз күндөрүм менен азыркы жалгыздыгымы көргөнү. Ошол эле ойлордо бак аралап бараттым. Күз күүгүмү күндөгүдөн башкача. Бактылуу белем? Билбейм… Сенин жогуң коркутат мени. Аны билбешим керек. Балким… Балким деген эч нерсе жок. Өмүр боюнча жетпей турганың же капыстан жоготуп алаарың бар. Кубаныч-кайгысы аралашкан жашообуз толкун. […]