Бейшенбек БЕКЕШОВ: Шыпаанын жарымы адамдын өзүндө

Ооруну башка салбасын. Бул деген тагдыр. Укмуштай чоң сыноо. Аны көтөргөн бар, көтөрбөгөн бар. Жеңген бар, жеңе албаган бар. Оорунун шыпаасынын жарым-жартылайы дарыгерде болсо, экинчи жармы, балким андан алда канча көбү бейтаптын өзүндө болот. Мына ошол экөөнү бириктирген кудурет Жараткан Кудайдын өзү экен. Бир кызык мисалды баяндай кетели. Азыр элүүгө таяп калган Элмира Асанбекова беш жыл илгери жатын моюнчасынын рагы деген балээ менен республикалык онкологиялык ооруканага түшөт. 80 күн жатып, 4 жолу химиялык, 22 жолу нурлантуучу дарылоодон өтөт. Дарыга ууланып […]

Бейшенбек БЕКЕШОВ: Хашим табып

(1-макала) 2-макала Өмүр бою жакшы адамдарды, жакшы иштерди даңазалоо менен алектенип келем. Көп учурда көпчүлүктүн көөнү, жакшылыктын жайылышы үчүн кем тузу болсо келтирип, боёосун кандырам. Бирок жарыялай турган жакшылыгым жамандыкка, каарманымдын кайгысына айланбагай эле деп кооптонуп, көркөмдөмөк турсун көзүм көргөндү кагазга түшүрө албай, опкоолжуп турган жападан жалгыз учурум ушул. Анткени буга чейин өзүмдүн инфаркт болуп жыгылып, Хашим табыптан сакайып чыкканым тууралуу макаламдан соң табыпка бир короо милийса-прокурорлор менен журналисттер чабуул коюп, ит талагандай кылганына өзүм күбө болдум. Баарынын таянганы, сураган […]

Ракты жеңген дарыгер чыкты

1-макала Ооруну Кудай эч кимге бербесин! Аалам силкээр күчү бар алкынган адам да оору келсе алеки саатта аргасы түгөнгөн мусаапырга айланат да калат. Ошондо бир билесиң жөн эле катардагы бир пенде экениңди. Анан да оопасыз дүйнөнүн болмушу менен өтмүшү көз алдыңан өтүп, өмүрдө эмне убактылуу, эмне түбөлүк экени тууралуу ой басып, небак унуткан адеп-ахлагың кайра келип, өзүнчө эле нукура философко, али эч ким байкай элек акылманга айланасың. Ооба, оору деген балким балээ, балким тагдыр, балким сыноо. Балким маанисине жеткендер үчүн […]