Салижан ЖИГИТОВ: Акын ачкан дүйнөлөр (2-бөлүк)

<<<<<<<<<<<<<<<Башы ушул шилтемеде «Ким жыттабайт сүйүү чиркин гүлүнөн» дегендей, кайсыл гана акын ашыглык жайынан сөз козгобойт! Ыр жазгандардын сырдаштык лирикадан кыйчалыш өткөнү кемде-кем эле табылса керек. Алардын бир даары чын эле сүйүү отуна күйүп тургандан ыр чыгарат, сүйгөн жарына деген жаркын мээримин, ар кыл ой-сезимдерин, тарткан азаптарын, күйүттүү армандарын илептүү ыр саптары аркылуу жарыя айтат. Бирок кээ бир акындар өздөрү сүйүү машакатын башынан өткөрбөсө деле, ашыглык сезиминен ичи элжиреп же буулугуп турбаса деле ошо чындап күйгөн акындарга таасирленип ыр жаза […]

Салижан ЖИГИТОВ: Акын ачкан дүйнөлөр (1-бөлүк)

Кыргыз совет поэзиясынын тарыхый фонунда Алыкул Осмоновдун акындык сөөлөтү аттын кашкасындай таасын көрүнөт. Ал эми жалпы союздук адабияттын фонуна салып караганда ал кантип калат? Ырас, Осмоновдун орусча чыккан туңгуч китеби «Мой дом» өз убагында Александр Фадеевдин назарына урунуп, дурус пикирине арзыган; анын поэзиясын сөз кадырын жакшы билген акындар Александр Яшин, Кайсын Кулиев, ошондой эле айтылуу сынчы Корнелий Зелинский бийик баалап, басма сөз бетине жазып чыгышкан. Деги Осмоновдун акындык ысмы бүткүл союздук адабий чөйрөгө, асыресе улуттук адабияттардын тарыхый-теориялык маселелерин изилдеп жүргөн […]

Салижан ЖИГИТОВ: Терминдер тегерегиндеги сөз

Илимий сабатсыздыкка итиркейи келип турар эле Сакебиздин. Өткүр акылына өөн көрүнгөн нерсеге унчукпай коё алчу эмес. Табиятынан сынчыл жаралган көсөмдүгү ушул белем: береги «Терминдер тегерегиндеги сөз» аттуу мазмундуу макаласын те илгери – 1979-жылы эле жазганы менен, ошондон бериге актуалдуулугун жоготпой келаткан илимий сабактарына таң берип отургандагыбыз бүгүн даа. Бүгүн даа кыргыз тилин кедергисинен кетирген тилине тибиртке чыккырлар толтура. Ошолорго сабак болсун үчүн көсөмдүн көөнөргүс темаларына көңүл бөлөр жагдайлар туру. Себеби терминологиялык чаржайыттык бүгүн да кулач жайып турган кезең. Элестетиң, мындан […]

Салижан ЖИГИТОВ: Саманчынын жолу — адамзаттын жолу

Чыңгыз жаңы чыгарма жазды. Ал — «Саманчынын жолу». Бир укканга табышмактуу ат. Бирок ал ат чыгарманын бүткүл духуна жана идеялык өзөгүнө куюп койгондой эриш-аркак келип, кандайдыр бир терең философиялык жаңырык берип турат. Автор аны жупунулук кылып «повесть» деп атаптыр. Албетте, кандай десе өз эрки. Ошентсе да ал белгилүү бир адабий жанрдын рамкасына сыйбайт. Ал адабияттагы жана көркөм өнөрдөгү көп жанрлардын синтезинен бүткөн. Аны роман десе да болот. Кинопоэма десе да жараша берет, жөн эле поэма деп койсо андан бетер эп […]

Салижан ЖИГИТОВ: Өмүралиевдин «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыруу» деген дипломдук ишине пикир

Ч.Айтматовдун бардык чыгармалары экран бетине көчтү, бирок экрандашканда алар эмнесин жоготуп, эмнелерге жетишти деген суроого кыргыз адабиятчылары жана кино изилдөөчүлөрү алгылыктуу жооп берише элек. Бул маселени Чоюн Өмүралиев биринчи козгоп отурат. Дипломдук иш жогорку деңгээлде жазылган. Дипломанттын алдына коюлган маселелер дээрлик туура, теориялык жактан билгиликтүү чечилген десек болот. Буга Ч.Өмүралиевдин жалпы теориялык даярдыгы, жандуу эстетикалык табитинин бардыгы чоӊ өбөлгө болгон. Экинчиден, Ч.Өмүралиев жаза билет, сүйлөмдү сабаттуу, логикалдуу түзө билет, ар кандай адабий көрүнүшкө, асыресе өзү изилдеген маселеге өз алдынча мамиле […]

Ризван ИСМАИЛОВА: «Шуу үшкүрүп, ыйлагым келет менин…»

Автордон:. Макала 93 жаштагы кайненем Дүйшеева Идаяттын айтуусу боюнча жазылды. Идаяттын таятасы Дайыр менен Салижан Жигитовдун чоң атасы Муса бир тууган болушкан. Кайсы бир теле берүүдө журналист Салижан агайдан минтип сураган: — Сиздин арманыңыз жок болсо керек? — Арманы жок киши болобу? Апам өлдү, атам өлдү, бир тууган агам сууга чөгүп өлдү. Эки бирдей карындашым өлдү, бул арман эмей эмне?… Арманы жок киши болчу беле?… Ырас, бу жалганда арманы жок кишини табалбайсың, бирок Салижан Жигитовдун “Элегия” деген классикалык ырынын бир […]

Жантөрө Сатыбалдиев элден кечирим сурады (1-маек)

«Карапайым эл менен баарлашууну каалаган кеменгер өз тилинде эмес, элге жеткиликтүү тилде сүйлөөгө тийиш. Тил бул – көп маанилүүлүк, анын ичинде элге жугумдуу тилде сүйлөө баарынан кыйын». Жан-Жок РУССО Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жантөрө Сатыбалдиев менен болгон бул маегибиз көпчүлүктү ойго салар омоктуу ойлор менен коштолду. Маектешибиз агынан жарылып отурду. Өкүттү жагдайлар туурасында мамлекетибизде кетирилген кемчиликтердин айланасында ой бөлүштүк… – Жантөрө Жолдошевич, Сиз бүгүн журт башкарып, эл башкарып келген белгилүү мамлекеттик ишмер катары айтар сөзү бар инсансыз. Мамлекетибизде эки жолу […]

Салижан ЖИГИТОВ: Кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесинде

Салижан акебиздин кыргызды абыдан катуу чычалаткан, эң ызы-чуулу маектеринин бири дал ушул. Анда да саясый кырдаал кудум бүгүнкү күндөгүдөй болуп турган. С.Жигитовдун бул маеги «Республика» (5.11.2002) гезитине жарыяланар замат А.Акаевдин айдакчы гезиттери менен интеллигенция өкүлдөрү Сакебизди туш-туштан тытмалап жатып калышканы күнү бүгүнкүдөй эсибизде. «Кыргызстан маданияты» гезитинин редакциясына Сакебиз күндө бир маал келип-кетип, боорубузду тырматкан азилдерин биринен сала бирин айтып күлдүрөр эле. Андан бери арабызда Сакебиздин гана көзү жок, а турмуш акебиз маңдайыбызда туру. «РухЭш» сайты улуу устатыбыздын «Көсөмдүн көмүлгүс ойлору» […]