Гүлзат Алиева Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушевди калыстыкка чакырды

Соцтармактарда кеңири белгилүү «Улуттук сезим» аттуу тайпанын өкүлү Гүлзат Алиева бүгүн Фейсбуктагы өз баракчасы аркылуу Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушевге билдирүү жолдоду. Окурмандарга эскертээрибиз: Г.Алиеванын өтүнүчү менен биз – «РухЭш» сайты аталган кайрылууну толугу менен оңдоп-түзөөсүз жарыялоону эп көрдүк…   «Улутум кыргыз, урааным Манас!» Бүгүн, 2017-жылдын 7-сентябрында, мени ИИМге чакырып, ал жерден мени муфтий Максатбек Токтомушевдин ИИМ министрине жазган кайрылуусу менен тааныштырышты. Кайрылуу 2017-жылдын 4-августунда, башкача айтканда, «Улуттук сезим» тайпасы шайтан көпөлөк тарабынан уурдалып, Турсунбай Бакир уулу, Адыл Момунов, Шекербек Салиев […]