Элдияр Элчибек: Мырзабек

АҢГЕМЕ Кечке маал Мариновканын жанынан замбиректердин «тарсылдаган» үндөрү угулду. Капчыгай ичин жаӊырткан добуш бир топко чейин кулак кужурун алып, андан ары тынчып калды. Түн катып бул Ырдыктан айланып өтүүнү көздөгөн Мырзабек, добуш тынчыганы узунунан кыйшайып жаткан чоӊ таштын капталынан сойлоп чыкты да, эки жагына абай салып карады. Суук мунарык тартып, дем аптыгат. Замбиректи кармаган колдору селейип тоӊуп калганын, ал ушул добуш тынчыгандан кийин билди. Күн батышка оогону менен караӊгы толук кире элек. Бирок капчыгай ичи кыйла караӊгы болуп калды. Дагы […]

Булат ОКУДЖАВА: Ченеп- бычып жашоо өнөрү

АҢГЕМЕ Кыштакта окуу жылы башталар алдында, атам замандан бери сүрүлүп сүлдөрү калган ноотудан тигилген студенттик кышкы курткам бар эле. Мындай куртка менен Тбилисиде эптеп- септеп кыштан чыкса болмок, бирок Калуганын кара жанды какшаткан суугу мындай куртканын оңой-олтоң эле жазасын берип коерун октябрда эле билгизип койду. Жаш мугалим эмне кылышы керек эле? Ата-энеси бар, тууган-туушкандары берешен болсо жөнү башка, эгер боорукер болсо андан да жакшы эмеспи. А менин эч кимим жок. Ошондуктан ичпей-жебей алты жүз сом чогултуп (азыркы учур менен алтымыш […]

Айтматовду кайрадан окуганыбызда: «Бетме-Бет»

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА – 1966-жылы туулган. Адабиятчы, филология илимдеринин доктору, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери. КР Илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. «Кыргыз повесттериндеги подтекст проблемасы» (2000), «Адабий кырдаал жана көркөмдүк жаңылануулар» (2009), «Кыргыз прозасы: салтттуу жана жаңычыл парадигмалар» (2014) аттуу китептердин автору. Ч.Айтматовдун бул повести алгач «Бетме-бет келгенде» деген ат менен «Ала-Тоо» журналында (1957, №6) жарык көргөн. Орус тилинде «Октябрь» журналынын 1958-жылдагы үчүнчү санына басылган. Жазуучунун повесть жанрындагы алгачкы чыгармасы. Буга чейин сегиз-тогуз […]

Түгөлбай КАЗАКОВ: Байыркы кыргыздын аты калды, заты жок

  Төрт дубал – көчмөн үчүн түрмө. * * * Акылдуу киши түшүнүктүү сүйлөйт. * * * Эркиндикти эңсеген жалгыз болот. * * * Эркектин оюнан аялдын амалы ылдам. * * * Манас доорундагы кыргыздар көктө шаңшыган бүркүт болсо, азыркы кыргыздар жем талашкан тоокторду эске салат. * * * Улут деле карыйт окшойт. Алжып калдыкпы дейм… * * * Убактысы уйкуга бар, ишке жок. * * * Бир иштен шектенген кызганчаактар – ошол ишти өтө жакшы билгендер. * * * […]

Жарганат

Индия жомогу Качандыр бир кезде канаттуулар менен айбанаттардын ортосунда чоң согуш болот. Жарганат ошондо минтиптир өзүнчө: – Менин айбанат же канаттуу экенимди ушуга дейре эч ким аныктай элек. Бири айбанатсың десе, бири канаттуусуң дейт. Андыктан четте бөлүнүп турайын, жакшылап ойлоноюн. Канаттууларга да, айбанаттарга да өзүмдү илээштирбейин. Кайсы тарабы кыйын, көрөйүн. Кимиси жеңсе, ошол жагына кошулам! — дейт. Бул учурда айбанаттар менен канаттуулардын бетме-бет кармашы башталды. Жарганат болсо урушту алыстан гана карап отурду. Анын байкоосунда: канаттуулар чапчаң көрүндү. Ал ошол замат […]