Саул Абрамзон: Кыргыздардын тамак-ашы

Кыргыздарда дыйканчылыктын бир аз тараганына карабастан XIX кылымдын үчүнчү чейрегине чейин алардын тамак-ашы мал чарбачылыгынын үстөмдүк кылып турушу менен аныкталган: аларда сүт азыктары жана эт басымдуулук кылган. Ч. Валихановдун байкоолоруна караганда, XIX кылымдын орто ченинде түндүктүк кыргыздар, Ч. Валиханов таруу ботко жөнүндө эске салып өткөн болсо да, негизинен «сүт жана өлгөн малдын эти менен» тамактанышкан. Бул мезгилде, мисалы, Памирдин жана Каратегиндин кыргыздарына ун деген белгисиз болгон: ун алардын колуна тийип калган күндө деле андан нан жабышпай, жарма жасашкан. Кыргызстандын Орусиянын […]

Саул Абрамзон: Кыргыздардын материалдык маданияты

Чарбачылыктын үстөмдүк кылып турган укладынын мүнөзү — көчмөн малчылык — анан тиричиликтин патриархалдык-уруулук жагдайы кыргыздардын материалдык маданиятына терең из калтырган. Турак-жайынын, кийим-кечесинин тиби, тамак-ашынын жана эмеректеринин мүнөзү, транспорт каражаттары ж. д. у. с. баарысы — алыскы аралыктарга тез-тез көчүп-конуп жүрүү зарылдыгы, бекем отурукташпагандыгы, чарбалык иш-аракетинин сезондук мүнөздө болушу менен аныкталган. Тянь-Шань түндүк бөксө тоолорунан түштүктөгү Куэнь-Лундун жана Гиндукуштун тоо кыркаларына, батышынан Ура-Төбөдөн чыгыштагы Күчө оазисине чейинки кеңири территорияны мекендеген кыргыздардын материалдык маданияты да (анда ар кандай себептер менен шартталган жергиликтүү […]

Саул Абрамзон: Кыргыздардын үй тиричилик жумуштары жана башка кесипчиликтери

Кыргыздын чарбачылыгында ар кыл үй тиричилик жумуштары кыйла маанилүү орунда турган, ал тиричиликтер мал чарбачылыктын продуктыларын иштетүү менен байланышкан. Эркектер жазында жана күзүндө кырккан койлордун жүнүнөн аялдары ийик менен жип ийришкен. Алар өрмөктө ошол жиптерден таарлардын түркүндөрүн токуп кементай, чепкен, чапан, шым, кап, куржун, ошондой эле боз үйдүн эмеректерин, жипшуруларды даярдашкан. Кыргыздардын өрмөгү өзүнүн түзүлүшү, жалпы белгилери жагынан коңшу, Орто Азиянын мурдагы көчмөн элдериникине окшош. Кой жүнү килем (түштүк кыргыздарында) жана боз үйдүн жабдуулары, кийиз жасоо үчүн да пайдаланылган. Ошол […]

Саул Абрамзон: Кыргыз элинин аңчылыгы

Байыркы мезгилдерде эле кыргыздардын ата-бабаларынын негизги кесиптеринин бири болуп келген аңчылык XIX кылымдын башталышында деле кыргыздардын эмгекчи чарбаларында кыйла жөлөк-таяк болгон тармак бойдон кала берген. Элдик оозеки чыгармаларда жана аңыз кептерде мергенчилер айрым учурларда кедей айылдарды жана чакан жамааттарды эт менен жан сактатып келишкендиги жөнүндөгү эскерүүлөр сакталып калган. Алгыр куштардын жана куралдардын жардамы менен аңчылык кылышкан, тегерек темир капкандар салышкан жана тузак, кылтак тартышкан, буктурмалар жасашкан. Октябрь революциясына чейин милтелүү мылтык, кара мылтык жана алтайдын таш мылтыгы (буттары жыгачтан жасалган) […]

Саул Абрамзон: Кыргыз элинин этникалык тарыхынын маселелери

Бул сүрөт Абылбек Байтерековдун калемине таандык <<<<<<<<<<Башы Азык уруусун биз байыркы асиги менен жакындаштырабыз. Гэшу (азыркы кушчу) сыяктуу эле ал Нушиви аймагына таандык болгон (VII к., Батыш түрк каганаты). Ошондой болсо да бул этнонимди Күл-тегиндин жана Тонукуктун урматына коюлган эстеликтердеги орхон жазууларында (Чоң жазуу) эскерилген «аз» элинин аты менен окшоштурууга болот. VII кылымдагы Жети- Суудагы түргөштөрдүн эки муунунун — тохсиликтер менен азийликтердин — окулушу күмөндүү экендигин белгилеп, В. В. Бартольд мындай деп жазат: «… мүмкүн азийликтер орхон жазууларында эскерилген аз […]