Темирбек АСАНБЕКОВ: Саясат бул – бийлик талашуу согушу

«Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков менен өлкөбүздүн коомдук-саясый акыбалы туурасында маек… – Темирбек Ишенбаевич, эл паракорчулукка аралашпаган жаш саясатчылардын мууну бийликке келишин канчалык көксөсө да, тилекке каршы, саясый олимте өз алдынча саясат жүргүзүүчү лидерлер пайда болалбай келаткан себебин эмнеден көрөсүз? – Бийликти сындап, элге жагымдуу популисттик сөздөрдү айтып койсо эле саясатчы болуп калбайсың. Амалдуу саясый ыкмалар менен сабатсыз карапайым элди алдап, убактылуу бийликке жетүү мүмкүн, бирок андай ыймансыз саясат элге жакшылык алып келбейт. Чыныгы таза саясатта принципиалдуу программаны сунуштап, […]

Президенттик таймашка чыгар талапкер жөнүндө сөз

«Тоо ылдый шарылдаган агын суулардын чоңу да, кичинеси да бирине-бири жийиркенбей кошулган үчүн улуу дайра, улуу өзөнгө айланат». Мо-цзы Кырк чороң барбы, кыргыз? Ушундай рубрика баштайла дедик, окурман. Быйылкы президенттик шайлоо алдында саясый ат салышка чыккан талапкерлердин ар бири туурасында жамы журтка калыс пикир үчүн кимиси ким экенин карапайым элге таанытып, байыркы кытай даанышманы Мо-цзынын: «Тоо ылдый шарылдаган агын суулардын чоңу да, кичинеси да бирине-бири жийиркенбей кошулган үчүн улуу дайра, улуу өзөнгө айланат» деген насыйкаты туурасында бекеринен кеп баштаганыбыз жок. […]

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Өткөөл мезгилдин бийлиги

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин доору (мурдагы бөлүмү ушул шилтеме) Убактылуу Өкмөт 2008-жылдын аягында БЭК түзүлүп жатканда бир гана Бакиевдердин жеке үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы биригип, радикалдык-революциялык жолдор менен аракеттенүү эле эмес, ал үй-бүлөлүк башкаруу режиминин ордуна кандай бийлик системасы, кандай заман курулары жөнүндө да оппозиция лидерлери бир пикирге келип калган эле. Эгерде 2008-жылдын ноябрь айына чейин Кыргызстанда негизинен оппозиция үч топко бөлүнүп аракеттенип жүрсө, БЭК түзүлөрү менен оппозиция бир муштумга бириге алышты. (Сынганы сынып, БЭКке келбей калгандарды кошкондо) Мурда оппозициянын айырмачылыктары жогоруда […]

Текебаев – кыргыз абийиринин барометриби?

Быйылкы кыш катаал болду. Карапайым эл үчүн, албетте. Кыргызстан деген мамлекетти чейрек кылымдан бери башкарымыш болуп келаткан арам акчага туйтунган бир ууч бийлик башындагылар үчүн сыртта жадыраган жазбы, кычыраган кышпы, баары бир эмеспи. Аларың кааласа кышты жазга айлантып коёр кудурет-күчкө ээ. Буга мисал — күн сайын күргүштөп акча түшүп турчу бажы кызматында иштегендердин жаңы жыл майрамын чет мамлекетте майрамдап келгендери. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов айтып чыкты. Ага ылайык жаңы жылды утурлай 230дан ашык бажы […]

Текебаев кыргыз саясатынын монстры

«Чөптөрдүн же таштардын түрүн ажыратканга караганда адам аласын ажырата билүү эң маанилүү». Бальтасар ГРАСИАН 1-макала «Айткандын оозу жаман» дейт кыргыз. Калетсиз сөз. Арийне чындыктын тили менен сүйлөгөндөр дегеле кыргыз коомчулугунда эле эмес, адамзат тарыхында дайыма жек көрүнүп келишкен. Өлкөбүз өз алдынча эгемендикке ээ болгон чейрек кылымда үч жолу бийлик алмашты, үч бийликтин тушунда тең бийликке жек көрүнүп келаткан бир саясатчы бар. Ал Өмүрбек Текебаев деген «машаяк». Ал азыркы бийлик үчүн да эң башкы «монстрга» айланып чыга келди. Бул ысым А.Акаевдин, […]